Тимашев Николай Сергеевич

Википедия дан

Тимашев Николай Сергеевич (1886–1970) – орус - америка социологу, укук таануучу жана тарыхчы. Петроград политехникалык институтунун профессору (1916–20). 1928-ж. СССРден эмиграцияланып, 1936-жылдан АКШда жашайт. Тимашевдин ою боюнча, укуктук система бул-социалдык системанын жана анын өзгөрүүлөрүнүн өлчөгүчү, көрсөткүчү жана негизги “чагылдыргычы”.

АКШ да Тимашев Калифорнияда Гарвард жана Фордемск университеттеринде сабак берген. Тимашев социология жана укук илимдеринин түзүүчүлөрүнүн бири. Анын "социологиялык теория" деген китеби классикалык чыгармалардын катарына кирип, бир канча тилдерге которулган. Америкада Тимашев эң бир көрүнүктүү заманбап социолог катары эсептелген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004