Тим Бернерс-Ли

Википедия дан
Тим Бернерс-Ли (2010)

Сэр Тимоти Жон Тим Бернерс-Ли (англ. Sir Timothy John "Tim" Berners-Lee; Эмгек сиңирген ордени; 1955-жылы 8-июнь) – TimBL катары таанымал болгон англиялык инженер жана информатика илиминин окумуштуусу, World Wide Webди ойлоп тапканы менен белгилүү. 1989-жылдын мартында Бернерс-Ли маалымат башкаруучу системи тууралу сунуш кылган, ошол эле жылдын ноябрында кардар менен HTTP протоколунун сервери ортосундагы алгачкы ийгиликтүү байланышты жүзөгө ашырган.

Бернерс-Ли веб-браузердин өнүгүүсүн көзөмөлдөөгөн World Wide Web консорциумдун (W3C) директору. Бернерс-Ли World Wide Web уюмунун негиздөөчүсү жана башкы илимий кызматчысы, ошондой эле Массачусетс технология институтунун Информатика илими жана жасалма акыл-эс лабораториянын уюмдаштыруучу жана ээси. Бернерс-Ли Web Science Research Initiative (WSRI) директору жана Массачусетс технология институтунун Коллективдүү акыл-эс борборунун кеңеш берүүчү кеңешинин мүчөсү. 2011-жылы окумуштуу Форд фондунун кам көрүүчү кеңешинин мүчөлүгүнө кошулган.

2004-жылы Елизавета II Бернерс-Лиге новатордук эмгеги үчүн рыцарь наамын берген. 2009-жылдын апрелинде АКШнын илимий академиясынын чет элдик өнөктөшү катары тандалган. Time журналында "20-кылымдын эң маанилүү 100 инсан" тизмесине кирген Бернерс-Ли өзүнүн ойлоп тапканы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2012-жылкы жайкы Олимп оюндарынын ачылыш аземинде окумуштуу "World Wide Web веб-браузердин ойлоп табуучусу" катары сахнага чакырылып байыркы NeXT Computer компүтеринде иштемиш болуп Лондондогу Олимп стадионунда пайда болгон. Ошентип Бернерс-Ли өзүнүн твиттеринде "Бул баардыгыңарга арналат" деп жазган, жазуу заматта 80000 адамдардын отургучтарына бекитилген суюк кристаллдуу дисплейлерде жазылган. 2016-жылы Бернерс-Ли "Дүйнө жүзүндөгү эң алгачкы World Wide Web браузерин жана протокол менен алгоритмдерди ойлоп тапканы үчүн" Түриң сыйлыгына ээ болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]