Тинте

Википедия дан

Тинте, ак тинте — бычактын бир түрү. "Манас" эпосунда канжар, шамшардын аталышы. Эпостун варианттарында Манас күйөөлөп барганда Каныкей Т. менен Манасты билекке сайгандыгы жөнүндө айтылат. Радлов жазып алган вариантта бул окуя күйөө менен кыздын биринчи төшөктө жатканда тирешүүсү аркылуу берилет. Манастын кайын жеңелери Каныкейдин төшөгүнө жаткызганда Каныкей Манастын улуксатсыз келгенине теригет: "Темиркандын жылкычы, койчу кулдарынын аты Манас болчу.

"Тарт колуңду төшөгүмдөн" — деп, Каныкей абалак саптуу ак Т. менен Манасты колго саят. Ачуусу келген Манас кырк чоросун чакыртып, Темиркандын шаарын чабууга, жылкысын тийүүгө буйрук берет. Манастан кордук көрөрүн сезген Каныкей кырк кызды ээрчитип, кырк боз үй тиктирип, кыркына кырк кыз алып берем, өзүмдү Манаска тартуу кылам деп чоролордун алдынан тосуп чыгат. Өтө намыстанып калган Манас кырк кызды талап, Каныкейди кордомок болот. Каныкейдин Манастын алдынан чыгып: "Кара бетти көп сүйлөсө тилин кес" — деп, кечирим сураганы гана Манастын ачуусун басат, Акыры Манас Каныкейди, Алмамбет Темиркандын агасы Айыпкандын кызын, кырк чоро кырк кызды алат. Т. менен Каныкейдин Манасты колго сайгандыгы жөнүндөгү салттык мотив түштүктүк айтуучуларынын версиясында да айтылат. "Семетей" эпосунда да Каныкейдин Кыргылчалды Т. менен сайгандыгы эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4