Өсүмдүктүн тиричилик формасы
Өсүмдүктүн тиричилик формасы, биоморфа — өсүмдүктөрдүн чөйрө шарттарына ынгайлануусун чагылдыруучу сырт келбети (габитус). Ошондой эле өсүмдүктөрдүн экологиялык классификациясынын бирдиги — бир тукумга же урууга кирбеген, ыңгайлануу түзүмү окшош өсүмдүктөр тобу (мисалы, кактустар жана кээ бир сүттүү чөптөр сабактуу суккуленттер) да тиричилик формасы деп аталат. Тиричилик формасы негизинен өсүмдүктүн жер астындагы жана жер үстүндөгү вегет. органдарына көз каранды, алардын өөрчүү ыргагы менен тиричилигинин узактыгына байланыштуу. Тиричилик формасы айрым чөйрө шартында табигый тандалуунун натыйжасында калыптанат. Ар бир өсүмдүктүн конкреттүү Тиричилик формасы (дарак, бадал, лиана, жаздык сымал өсүмдүктөр, төшөлмө өсүмдүктөр ж. б.) онтогенезинде өзгөрүлөт (карагай же эмендин бир жылдык көчөтү дарак формасына ээ эмес болот), ошондуктан классификациялык бирдик катары жетилген особдун Тиричилик формасы алынат. Бир эле түр ар кандай шартта ар кандай Тиричилик формасына ээ, мисалы, эмен, карагай, арча ж. б. токой зонасында бийик дарактар, ал эми түндүктө жана бийик тоодо бадал же төшөлмө формада өсөт. Негизинен Тиричилик формасы 5 типке айырмаланат: фанерофиттер, хамефиттер, гемикриптофиттер, криптофиттер (геожана гидрофиттер) жана терофиттер. Жаныбарларда Тиричилик формасы бирдей чөйрөдө жашоо үчүн морфоэкол. ыңгайлануусу окшош особдор тобу. Бир Тиричилик формасына ар кандай, кээде систематикалык жактан алыс түрлөр (мисалы, көр чычкандар менен буроо баштар «жер чукуурлар» деп аталат) бир Тиричилик формасына кирет. Метаморфоз жолу менен өөрчүүчү түрлөрдүн онтогенезинде (курт-кумурскалардын личинка, куурчакча жана имаго стадиялары) Тиричилик формасы өзгөрүлөт. Тукумдаш эмес организмдер окшош чөйрөдө жашоого ыңгайланышса да, өз ара айырмаланып турат (мисалы, куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн сууга сүзүүгө же чумкууга ыңгайланышы). Тиричилик формасын изилдөө организмдердин ыңгайланып өзгөрүү жолдорун жана жашоо чөйрөсүнүн өзгөчөлүгүн аныктоого жардам берет.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.