Төшөлмө өсүмдүктөр

Википедия дан

Төшөлмө өсүмдүктөр - өркүндөрү горизонталь абалда жерге тошолүп өсүп, тамыр алууга жөндөмдүү өсүмдүктөр.

Төшөлмө өсүмдүктөрдүн жаш өркүндөрү жана алардын бүчүрлөрү тик (өйдө) өсөт. Аларга кээ бир дарактар, бадалдар, бадалчалар, ошондой эле өркүндөрү тамырлануучу, сойлоочу жана тамырланбаган чоп өсүмдүктөрү кирет. Дарак Төшөлмө өсүмдүктөрү кобунчо субарктика, субантарктика жана бийик тоолуу райондордо (мисаыл., кыргызстанда жапалак арча) өсүп, ным сактоо жана жылуулук режимине, ывгаардуу аба ырайына туруштук берүү өзгөчөлүгүнө ээ. Төшөлмө чөп өсүмдүктөр көбүнчө көлөкө жана өтө нымдуу жерде өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.