Тирсек

Википедия дан
Сол көздүн үстүңкү жана астыңкы көз жапкагына чыккан тирсек. Учу ириңдеген шишик стрелка менен көрсөтүлгөн.

Тирсеккөз жапкагынын четиндеги май бездеринин сезгениши.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тирсек көздүн сырткы катмарынын майып болушунан, өздүк гигиенанын бузулушунан (кир кол, жүз аарчы), организмди алсыраткан узакка созулган оорудан (кант оорусу, карын, ичеги, боор, кургак учук жана башкалар) кийин пайда болот.

Белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тирсек башталганда көз жапкагынын чети кызарып томпоюп чыгат, былжыр чели, тери кабыкчасы шишийт. Ооруган жер кычышат. 3—4 күндөн кийин бул шишиктин башы ириңге толуп, жарылганда ириң чыгат. Бул убакта оорусу бир аз басаңдайт, кызарганы азайып, шишиген жери кичирее баштайт. Кээде оорулуунун башы ооруп, эти ысыйт. Оорунун белгилери билинери менен тезинен врачка кайрылуу зарыл. Врач демейде көзгө тамчылатма дары, май берип ысык нерсе басууну сунуш кылат. Үй шартында жылыткыч пайдаланса болот. Өз алдынча ириңди сыгууга болбойт. Тирсекти сыкканда ириң канга түшүп, аны менен мээге жана башкалар организмге тарап сепсис, менингитке өтүп кетиши мүмкүн.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооруну болтурбоо үчүн өздүк тазалыкты сактап, иштеген жерде чаң болсо көз айнек тагынуу зарыл. Адамды алсыздандырган негизги ооруну таап дарылоо талапка ылайык.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8