Титов Фёдор Степанович

Википедия дан

Титов Фёдор Степанович (1913, азыркы Россия Федерациясы, Воронеж облусу, Гольский кыштагы – 1962, Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан кыштагы) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1953). Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу. 1931-жылдан «Аламүдүн» асыл тукум совхозунда бадачы-бригадир болуп ишеген. 1952-ж. анын бадасындагы 24 уйдун ар биринен 5780 кгдан сүт саап алынган. Уйдун жаңы Ала- Тоо тукумун чыгарууга катышкан. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]