Тиш түрлөрү

Википедия дан
Гетеродонттук тиштер.

Тиш түрлөрү.

Гетеродонттук тиштер - сүт эмүүчүлөрдүн тиштеринин түзүлүшү чайноочу функциясына жараша татаалданып, формасына жана аткарган кызматына жараша кашка тиш, кылкыйма, кичине жана чоң азуу тиштер деп бөлүнөт. Мындай бөлүнүнү гетеродонтизм деп аталат.

Текодонттук тиштер - крокодил менен сүт эмүүчүлөрдүн тиштери жаак сөөгүндөгү атайын оюгунда (альвеолорго) орношкон. Сүт эмүүчүлөрдүн тиштеринин өсүшү чектелген, айрымдарыныкы туруктуу болот (монофиодонтизм), кээ бирөөлөрдө полифиодонтизм. Көпчүлүктөрүнүкү (ошондой эле адамдын) акыл ооз тиштери туруктуу тиштерге алмашылат (дифиодонтизм).

Плевродонттук тиштер - формасы конус сымалдуу жаактын ички бетинен өсүп чыгат (бекийт), айрым сойлоп жүрүүчүлөрдө кездешет, алмашпайт (жаңырбайт).

Акродонттук тиштер - формасы конус сымалдуу, жаактын кырына чыккан, башкача атйканда жаактын сырткы бетине бекийт, айрым сойлоп жүрүүчүлөрдө кездешет, мисалы кескелдириктерде .

Уулуу тиштер - уулуу жыландарда өөрчүгөн, формасы конуска же түтүкө окшош, табылгасынын денесине уунуу киргизиш үчүн колдонулат. Суу жыландар сымалдуу уулуу жыландарда кобулу бар У. т. кездешет, алар үстүнкү жаактын артыраак жагында орношкон (мисалы ок жылан); аспид жана деңиз жыландардын (тайпан, сары муунактуу жылан, падышалык чекир жылан) оозунун алды жагына орношуп кыймылсыз келген кыска түтүк сымалдуу тиштер, ал эми кара чаар жана оюк баш уулуу жыландарда болсо (калкан тумшук) узун жана кыймылдуу конус сымалдуу тиштери үстүнкү жаактын кыскача келген сөөгүндө кыймылдуу орношкон. Баарынын тиштеринде уу өткөргүч канал жатат

Кооздолуп көрүнүү - көпчүлүк муунак буттууларга (раксымалдуулар) мүнөздүү. Рактын көзү бир нече бөлүктөрдөн (бөлүкчөлөрдөн) турган көзчөлөр татаал көздү пайда кылат. Ар бир көзчө ракты курчап турган мейкиндиктин анча-мынча бөлүгүн гана кабыл алып, ал эми баардыгы биригип бир бүтүндөй көрүүнү пайда кылат, мындай көрүнүш К. к. деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]