Мазмунга өтүү

Ткань өстүрүү

Википедия дан

Ткань өстүрүү, эксплантация - адам, жаныбар же өсүмдүктөн алынган клетканы, тканды, чоң эмес органды же анын бөлүгүн узакка тирүү сактоо жана өстүрүү методу.

Мында өстүрүлө турган клетка, ткань, орган же анын бөлүгү жасалма азыктуу чөйрөгө жайгаштырылып, ткань алынган жаныбардын денесиникиндей температурада кармалат. Ткань өстүрүүдө азыктуу чойро катары кан плазмасы же түйүлдүк ткандарынан алынган экстракт, клетканы өстүрүүдө составында физиол. эритме, 12 аминокислота, витаминдер, глюкоза, 2-10% кан плазмасы болгон суюктук пайдаланылат. Буга антибиотиктер - пенициллин жана стрептомицин кошулат. Органды өстүрүү үчүн колдонулган азыктуу чойродо жогоруда аталган компоненттерден башка агар же желатина болушу керек. Ткань өстүрүүдө ар түрдүү идиштер колдонулат. Ал биология менен медицинада клетка, ткань, органдын өсүүсүн, морфогепезин, зат алмашуусун жана бул процесстерге физикалык, химиялык жана биологиялык факторлордун таасирин изилдөөгө мүмкүндүк берет. Клетка өстүрүүнүн вирусологияда мааниси чоң.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.