Товар продукциясы

Википедия дан

Товар продукциясы - өнөр жай айыл чарба ж. б. ишканаларда чыгарылып, сатууга даяр продукциянын акчалай туюнтулушу.

Өнөр жай ишканаларынын Товар продукциясына ишкананын жана заказ берүүчүнүн материалынан даярдалып, техникалык текшерүү бөлүмү кабыл алып, складга өткөрүлгөн даяр буюмдардын наркы; ишканада башка жакка берүү үчүн даярдалган чала фабрикаттын наркы, башка уюмдардын заказын орундоо боюнча ишканаларда аткарылган өнөр жайлык мүнөздөгү жумуштун наркы кошулат. Ишкананын колдонуп жаткан дүң баасы (жүгүртүү салыгысыз), о. э. салыштырма баа боюнча эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9