Тоготой терек

Википедия дан

Тоготой терек — элдик уламыштарга караганда Манас Баатыр Шоорук канга каршы жортуулга келе жатып, Өзгөнгө, анын Чыгыш тарабындагы Тар жана Кара-Кулжа суулары кошулган жерге келип, ат чалдырып, суу боюндагы чынар теректин бир бутагын жерге сайып, ага аты Аккуланы байлаган экен. Аккулага казык болгон ошол чынардын бутагы өсүп, жоондугу беш адамдын кулачы жетпеген, узундугу отуз метрден ашкан чоң чынар терекке айланган. Ал жерде жашаган кыргыздар Т. т-ти Манас баатыр Аккуланы байлаган чынар терек деп эсептешип, мазар катары сыйынышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4