Тогуз жолдун тоому

Википедия дан

Тогуз жолдун тоому — жолдордун ар тараптан келип кошулган түйүнү. "Манас" эпосунда Толтойдун Ооганга баратып, жол чалганы төмөнкүчө сүрөттөлөт: "Тогуз жолдун тоому Анжыян кеткен ара жол, Анын жолун чалды эми" Саякбай Каралаев, "Семетей", 2. 94). Мындан жөө жомокторго мүнөздүү болгон ("тогуз тоомдун тоому", "үч айрылыш жол") мифологиялык элементти баамдоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4