Толтой

Википедия дан

«Толтой» – эпос. Кызыл суулук кыргыздарда эл арасында айтылып, баатырдык баян катары кеңири тараган чыгармалардан. Ал элдик мураска өтө берилген жааны талыкпастан чогултуп келген Жусуп Мамайдын агасы Балбай тарабынан жазылып кагазга түшүрүлгөн. Жазылган кол жазма «Маданий көңтөрүлүш» дүрбөлөңү учурда


Балбай жазыксыз жерден түрмөгө алынганда көптөгөн элдик мурастар менен бирге «Толтой» эпосу да жоголуп кеткен. Бирок, бул кол жазманы өз учурунда окуган Жусуп Мамай жатка сактап калган экен. Ушундай феномендик таланттын натыйжасы элдик мурасты кайра элге берүүгө чоң жардам берген. Толтой жөнүндөгү баян «Манас» үчилтигинин экинчи бөлүмү «Семетей» эпосунда өзүнчө эпизод болуп, «Чынкожо, Толтой чатагы» деп аталат да,


Толтойдун өмүрү, анын көрсөткөн баатырдык жүрүштөрү жөнүндө толук айтылбайт. Ж. Мамайдын айтуусундагы «Толтой» эпосу «Толтойдун балалык чактары», «Толтойдун адашуусу» деген чоң төрт бөлүмдөн турат. Эскерилген төрт чоң бөлүм өз алдынча бир нечелеген эпизоддорго бөлүнүп, бир композициялык курулушту түзгөн баш каармандын өмүрүн жана баатырдык жүрүштөрүн баяндаган сюжеттик өзөккө ээ чыгарма. Толтой деле Манас, Семетей ж. б. баатырлар сыяктуу эле кыргыз элинин бейкутчулугун сактаган жана адилеттик үчүн күрөшкөн кыргыздан чыккан башка баатырлардай эле өзүнүн эрдиги жана даңкталган баатырлардан болуп сүрөттөлөт. Эпостун мазмуну дүйнөлүк эпостордо айтылып келген жана салт катары болуп калган баатырдын аттанып чыгып, өзүнө тең келе турган баатырлар менен кездешип беттешкени негизги сюжеттик мотивдерден болуп саналат. Толтой жөнүндөгү баян ушул мотив аркылуу ачылып, ал алгачкы жааган кар менен эч кимге айтпастан, жигиттерине туйгузбастан, тайганы менен бүркүтүн алып сонорго аттанып кетет. Бир нече күндөн кийин жер чалгындап жүргөн кызыл баш элинин ханы


Контукчу баатыр келип кабылат. Эки баатырдын кездешүүсүндөгү окуяны андан ары өөрчүтүп, чыйралта баштайт. Улам барган сайын кырдаалдык карама-каршылыктар арбуунун натыйжасында окуянын чыйралуусу курчуйт. Ар бир баатыр өз жеринин жана элинин тынччылыгын сактоо үчүн кандай гана кырдаалдык шартта болбосун кам көрүшү кажет. Айрым баатырлар эл камын башка элдердин эсебинен олжо табуу менен байланыштырышкан. Ошондуктан Контукчу да, кийинки окуянын себепчиси болгон түркмөн элинин ханы Кырым хандын уулу Камангил да баскынчылык максатты көздөшөт. Алар өкүмдүк саясат жүргүзүп өздөрүн көтөрө сүйлөп баатырлыгын, кимди жеңгендигин ж. б. эрдиктери жонунда мактануу менен жарыялап, экинчи тараптагы баатырды кемсинтип, кордоого алып, коркутуп, үркүткөн айбаттуу сөздөр айтышат. Эпостун биринчи бөлүгүндө баяндалган Толтойдун көрсөткөн эрдиктери экспозициялык милдетти аткарат. Толтойдун көрсөткөн эрдиги ушул эле эки баатыр менен чектелип калбайт. Кыргыздардын эли жерине көзүн арткан коңшу душмандардын баатырлары баш көтөрүп чыга баштайт. Буга себеп, кыргыздын эли жерин көздүн карегиндей сактап келген Манас баатырдын дүйнөдөн кайтышы болгон. Анын жолун жолдоп, эл менен жерин коргоп калуучу


Семетейдин жаштыгынан пайдаланып Жакып балдары Абыке, Көбөштү тукуруп, Манастын ордосун талайт. Баланы аман сактап калууну көздөгөн Каныкей Семетей менен Чыйырдыны ала качып Темирканга кетет. Кароосуз калган эл душман үчүн чаап алууга оңой олжо болуп берет. Коргоп калар Манас жок, Семетей Букарда жүргөндөн пайдаланып, душман баатырлары кыргызга өктөмдүк менен келип, Жакыпты балдары Абыке, Көбөштү баш кылып, баш көтөртпөй басып, салык салып, өз бийлигин жүргүзө баштайт. Муну «Толтой» эпосунун кийинки бөлүмдөрүндө катышкан Коронкыр, Карезги, Керкимат жана бай Чакайдын жүргүзгөн иш-аракеттерине байланыштуу айтылган окуяларда толук болбосо да аталган баатырлардын сөздөрүндө эскерилип турат. Бул эскерүүлөрдө ар дайым Толтойго карата айтылып, күч көрсөтүү болуп саналат.


Ошентип Манастан кийин кыргызды душманга бастыра койбос баатыр бар экендигин далилдеп Толтой. чыгат. Бул жагдайды жомокчу мындайча баяндайт. “Өлгөн менен эр Манас. Баатыры бар кыргыздын, Элинин кунун издерге”. Бул жалгыз гана Толтойго таандыкталбастан эпосто эскерилип жаткан Семетей, о. эле Кошой баатырдын уулу Жалгызекке да карата айтылып жаткандыгы эпостун контекстинде ачык эле байкалат. Эпостун мазмунунда Семетей менен Жалгызектин жогоруда эскертилген баатырлар менен түздөн түз майданга чыгып көрсөткөн аракеттери айтылбаса да сөз арасында өзгөчө Т-дун атасы Багыштын сөзүндө баса айтылат. Ал эми Семетей жөнүндө эпостун акыркы бөлүмдөрүндө Чынкожо менен Толтойго байланыштуу окуяда кенен баяндоого алынат. Жогоруда эскертилгендей


Толтойго өз баатырлыгынын алгачкы баскычын Контукчу менен Камангилге кездешип, жоокерлик сыноодон өтөт. Өз күчүнө ишенген жана эл, жери үчүн ар дайым кам көргөн, анын коопсуздугун ойлогон Толтойго тынчып жата албай жер кыдырып, эл көрүп, сөз угуп, Кашкар ханы Карезгинин кыргызга жасаган кордугун угат. Бул жорукту уккан Толтойго тынч калбастан элден жыйып алган дүнүйөнү куткарып калуу үчүн Ошко келип Карезгинин дайынын билет. Толтойдун акыл менен жүргүзгөн каармандык жүрүшү жана көрсөткөн баатырдыгы элдин идеалык көз карашын берип жатат. Анткени, ал эл-журтун сүйгөн баатыр адилеттик жана бейкутчулук үчүн жан дили менен берилип, жанын аябастан кармашып, бир гана жедигер элине аркасын тийгизбестен, жалпы кыргыз журтунун тынчтыгын коргоп калган баатыр уулдан экендигинин ачык далили болгон. Мунун өзү элдин башынан бери көкөй кести болуп келген оюнун чындыкка айланып, эркиндик үчүн кармаша турган идеалдын келиши менен тилеген тилектин иш жүзүнө ашырылышы болуп калган. «Толтой» дастанында чагылдырылган оштук кыргыздар жөнүндө айтылган баян жаңылык катары кабыл алынып, Т. баатырдын дагы бир баатырдык жүрүшүндөгү жүргүзгөн күрөшүнүн жаңы барагын ачып жатат. Эпосто кыргыздарга чектеш жашаган коңшу элдердин кызыл баш, түркмөн, калмак, чүнчүт, шибер ж. б. Баатырлары менен болгон Толтойдун баатырдык күрөшү баянга алынат. «Толтой» эпосунун сюжеттик окуялары биздеги көпчүлүк эпикалык чыгармалардан ушул жагы менен айырмаланып турат. “Толтой” эпосу Манас эпосуна дагы бир толуктоо болуу менен кыргыз элинин кызыгып окуй турган эпикалык чыгармасына айланары талашсыз.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Тарых (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9