Тогуз кумалак (тогуз коргоол)

Википедия дан

Элдик оюндарды жүзөгө ашыруу үчүн жасалган жыгач буюму.
Азыр улуттук мааниде кеңири ойнолуп жатат, муну кыруу, оюу, жонуу чеберчилиги устанын бөтөнчөлүгүн туюндурат. Ал — эки тарабында кылдат оюлган бирдей тогуздан сегиз чуңкуру (үйү, уясы), ортосунда чоңураак жанаша эки казынасы (казан чара) бар сүйрүлөнгөн такта. Анын жердиги карагайдан да, арчадан да, талдан да, теректен да, өрүктөн да, жаңгактан да болот. Чеберлер аны жасоодо араа, керки, бычак пайдаланышат. Чуңкурун, казынасын чебердеп оюу-жонуу үчүн атайын кичинекей ийгиси бар. Эгер кыйып келээри менен дароо чаба койсо, ага каймак, же сорпо майын «ичирип» (аябай сыйпап) көлөкөдө кургатуу керек. Тогуз кумалактын көлөмү койдун коргоолундай 162 коргоолу да жыгачтан бипбирдей тоголок жасалат.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)