Тогуз төбөл

Википедия дан
Alchemilla vulgaris.

Тогуз төбөл (лат. Alchemilla, L. 1753) – роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык, бийикт. 15-25 см, жалбырактары негизинен тамыр моюнчасынан гана өсөт, сабагы 1-2 (3) жалбырактуу, формасы бөйрөктөй, жумурткадай, жээги майда тишчелүү. Гүлдөрү жашыл майда калканча же шыпыргыдай топ гүлдү түзөт.

Кыргызстанда Т. г. 4 түрү бөксө тоолордун шалбааларында, суу боюнда, токойдун ачык жерлеринде өсөт. Тоо беттериндеги чабынды шалбаалардын негизин түзүүчү тоют өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]