Тойгонбаев Жаманкул

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тойгонбаев Жаманкул-1912-жылы Жети-Өгүз районунун Жол-Колот айылында туулган.
ВКП(б) БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүткөн.
1930–33-жылдары «Сухой Хребет» союзунда жумушчу, Теплоключенко МТСинде агротехник 1933–37-жылдары Бишкектеги коммунисттик айыл чарба мектебинде окуп, Кыргызстан КП Кочкор райкомунда бөлүм башчы, 1937–38-жылы II катчы, 1938–39-жылы ВКП(б) БК алдындагы пропагандисттердин жогорку мектебинде окуган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1938–39-жылдары Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатынын алдындагы мугалимдерди даярдоочу курста окутуучу, 1939–40-жылдары Кыргызстан КП Жалал-Абад обкомунда лектор болуп эмгектенген.
1941–42-жылдары Базар-Коргон райкомунун II катчысы, 1942–44-жылдары Жалал-Абад обкомунун катчысы болуп иштеген.
1946–52-жылдары Кыргызстан КомПартиясынын Тянь-Шань обкомунун II, I катчысы болуп эмгектенген.
1952-жылы Кыргызстан КП БКнын катчысы, 1952–55-жылдары Ош обкомунун I катчысы, 1955–56-жылдары СССР Даярдоо министринин Кыргызстан боюнча уполномечени, 1956–59-жылдары Кыргызстан эмгек резервдер башкармасынын начальниги болгон.
1956–66-жылдары Кыргызстан Министрлер Советинин алдындагы кесиптик-техникалык билим боюнча Башкы башкарманын начальниги, 1966–76-жылдары кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик комитеттин тєрагасы.
1950–54-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1947–1975-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7 жолку депутаты болгон.
1976-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин, Октябрь Революциясы, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ысымы Кочкор районундагы 15-кесиптик-техникалык окуу жайына ыйгарылган.

Колдонулган адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусуна 70 жыл.Энциклопедия. -Б.,2009