Тойтожо Бучук уулу

Википедия дан

Тойтожо Бучук уулу (1840, Талас өрөөнү, Чырганак деген жер – 1912, ошол эле жер) – залкар сурнайчы.
Кара Турап сурнайчынын шакирти. Талас өрөөнүнүн элине чебер сурнайчы катары 17 жашынан таанылган. Ал көптөгөн аш-тойлордо жарчы-сурнайчы болуп, эр сайыш, күрөш, ат чабыш, оодарыш, жорго салдырыш сыяктуу элдик оюндарды сүрөөнгө алган.
Ал сурнай тартуунун чоң чебери болгон, салттуу жоокердик жүрүштөрдө тынымсыз сурнай тартып, атчандарды узак аралыкка чейин узатып, атчан жүрө алган. Мындай учурда ал бир жак уурту менен сурнай тартып, экинчи уурту менен дем алган. Сурнайы менен ааламдагы кыймылды даңазалаган. Тайтожонун «Баатыр баштоо», «Калың бирбөдө», «Айкөл Манас», «Торгой сайрап, таң атты», «Ат кетти», «Найза сал», «Ак байбиченин термеси», «Салтанат», «Эр сайыш» деген классикалык чыгармалардын кыргыз улуттук сурнай күүлөрүнүн өзөгүн түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]