Ат чабыш
Ат чабыш ― улуттук спорттун түрү. Мелдештер тегиз талаада, түз жолдо же туюк айлампада (ат майданда) өткөрүлүп, күлүктөрдү атайын саяпкерлер таптап, чабандеске чаптырат. Ат чабыш илгертеден эле кыргыз элинин турмушунда өтө маанилүү орунду ээлеп, «аламан байге» деп аталган. 1952-жылдан ат чабыш мелдешинин эрежеси тартипке салынган. Чабандестер 14 жаштан кем болбошу керек. Мелдешке кунандан жогорку жаштагы бардык тукумдагы күлүктөр катышып, ат чабыш аралыгы 20000 мге чейин болот. 1995-ж. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу алыс аралыкка (Ашхабад - Талас) ат чабылган. Ат чабышта төмөнкүдөй шарттар сакталышы керек: аттын мелдешке катышуусуна уруксат берүүчү ветеринардык мекемеден маалым кат; чабандестин билдирмеси ж-а жеке номурдун болушу, бир чабандестин бир гана атты чабуусу, мелдеш учурунда аралыкты кыскартууга тыюу салынат, башка атты камчы м-н чабууга, жолун тороого болбойт ж. б. Ат чабыш б-ча ар кандай (III, II, I) разрядтык даражалар ж-а наамдар белгиленген.
Ат азыр көбүнчө айлампада, кээде түз жолдо чабылат. Атты токулуу да, жайдак да чапса болот. Күлүктү минип чапкан бала чабендес деп аталат. Мелдешке 8-14 жаштагы уландар 3 жаштан жогорку бардык тукумдагы атты минип катыша алат. Ат 1200 метрден 50 километрге чейинки аралыкка чабылат. Ат чабышта жолду кыскартууга, башка бирөөнүн атын камчы менен чабууга, жолдон тороого болбойт. Күлүктөрдүн алдыга чыгып келгендерине жараша жеңүүчүлөр аныкталып, байге ыйгарылат. Эгер аттар бир нече кезекке бөлүнүп чабылса, анда байге убакыт боюнча (ээлеген орду) аныкталат. Ат чабышта күлүктүн алдыга чыгып келиши анын саяпкерине жана саяпкердин айтканын так аткарган чабендеске жараша болот.
Кыргыз элинин өткөн турмушунда тулпар аттардын мааниси чоң болгондугун танууга болбойт. Кыргыздын байыркы эпосторундагы баатырларынын өмүрү алардын минген тулпарлары менен тыгыз байланыштуу болгону бизге жакшы белгилүү. Ошондуктан, Кыргыз элинде: «Тулпар — тушунда, күлүк — күнүндө. Ат, аттан кийин жат»,-деген макалдар бекеринен айтылып калбаса керек. Кыргыз эли байыркы замандан бери мал чарбачылыгы менен кесип кылып, төрт түлүк малды өстүрүп келе жатат. Төрт түлүк малдын ичинен да кыргыздар айрыкча жылкыны жогору баалашат. Өзүнүн көчмөндүү турмушунда жана жоокерчилик заманда жылкынын тулпарларын жоого минишкен, семиздерин союп, казы-карталарын жешкен, бээлерин байлап, кымызын ичишкен.
Кыргыздын балдары менен кыздары жаш чагынан эле ат мингенге үйрөтүлгөн. Балдары төрт, беш жашка келгенде, аларды айырмачка таңып, атка мингизип, толтурмачтап жетелеп үйрөтүшкөн, алар 7-8 жашка келгенде, аттын кулагы менен тең ойногон.
Кыргыз элинде ат оюн-зооктору өтө көп: кыз куумай, тыйын эңмей, кыз жарыш, келин жарыш, улак тартыш, оодарыш, тай чабыш, кунан чабыш, ат чабыш жана башкалар.
"Манас" эпосунда ат чабыш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ат чабыш кыргыз турмушунда өтө маанилүү орунду ээлеп келген. «Манас» эпосунда да ат чабыш жөнүндө айтылган маалыматтар көп. Манас боз улан кезинде, сексен бала талаада жүрүп, Манасты кан көтөрүшөт да анын урматына минип жүргөн аттарын чабышат. Манаска Алмамбет биринчи келип, ага ини болгон учурда да Манас ат чаптырып, той берет. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда да кырк чоросунун атын чапканы белгилүү.
Көкөтай өлгөндө, уулу Бокмурун Каркырада чоң аш берип, дүйнөдөгү элдердин көпчүлүгүн ашка чакырат да анда чоң ат чабыш болот, ат чабышка көп сандаган күлүктөр катышып, байге аттары Түркстан деген жерден кайра кайтат. Кайра келе жатканда, ат чапкан балдар адашып, башка жолго түшүп кетпес үчүн, жол бою ар бир жолдордун тоомдоруна жандоочулар коюлган. Бул ат чабышта Манастын Аккуласы чыгып келген, бирок байгени Коңурбай, Жолойлор талап кетишкен да, кийин Манастын «Чоң казатты» уюштурушуна ошол окуя да негизги себептердин бири болгон.
Манас өлгөндөн кийин, Каныкей Семетей менен кайненеси Чыйырдыны Бухарага алып качып кетип, Семетейди бир тууган агасы Ысмайылга бала кылып берет. Семетей эр жетип, он төрт жашка келгенде, Каныкей ат чаптырат да, байгеге, төлгө кылып, алтымыш асый болгон Тайторусун кошот. Аттарды сүрөп чапмакчы болот. Тайторусун сүрөш үчүн, эркекче кийинип, Каныкей түпкү сүрөөнгө барат. Эжесинин бул жоругу Семетейге жакпайт.
«Алтымыш асый болуп, оозунда тиши калбаган атын байгеге кошуп, анысы аз келгенсип, эркекче кийинип алып, ат сүрөймүн деген эмнеси? Тайторусу байгеден келсе, анда бир кеп, эгерде байгеге илинбей калса, анда эжемдин башын аламын»-деп, Семетейдин ачууланганын Каныкейдин кулагы чалат. Байге аттары кайра тартып, алдыңкылары Каныкейдин жанынан зуулдап өтө баштайт, бирок Тайторусунан дайын жок. Биринин артынан бири закымдап, кырк-элүү ат өтөт. Ошондо Каныкейдин заманасы куурулуп:
Арстан Манас, өлбөй кал !
Азапты бейбак, көрбөй кал!
Арбагы бийик Арстаным!
Колдочу болсоң, колдогун!
Колдобос болсоң дал бүгүн
Кокус болчу жолдомун !
деп, буркурап ыйлап турса, алтымыш бир аттын аркасынан келе жаткан Тайторуну Манас, Бакай, Алмамбет, Чубак баш болуп, кырк чоросу менен ортого алып, сүрөп келе жаткан экен.
Алар тез эле астындагы алтымыш аттан Тайторуну сүрөп, чыгарып кетишет.
Эпостун «Семетей» бөлүгүндө: Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени -
Семетейдин ажалынын жеткени, -
деген сыяктуу учкул саптар бар.
Семетей караңгыда жол тосуп жүрүп, билбей, кокустук менен, өз бөлөсү Үмөтайды өлтүрүп коет да, таежесинен уялгандыктан, бөлөсүнүн куну үчүн, Тайбуурулун тартууга берип жиберет. Ошондон кийин, көп узабай, Кыяс менен болгон согушта, минген аты жүрбөй калып, Семетей өзү каза табат.
Калмактар менен болгон кагылышта Тейитбек Телтору тулпарын уулу Курманбек баатырга бербей коюп, ал ошол чабышта минген аты баспай калып, калмактардан өлөт.
Күлүк тулпарлардын ичинде өтө акылдуулары болгондугу да бизге жакшы белгилүү. Ажыбайдын Карткүрөңүн миң сан жылкынын ичине агытып кое берсе, ал жылкыларды баштап алып, түз эле Таласты көздөй жөнөчү экен.
Революциядан мурда Көл башынан Анжиянга алпарып сатылган Аксур деген күлүк ат бир жылга жетпей, чылбырын сүйрөп, Көл башындагы ээсине кайра качып келген.
1916-жылкы эл үркүндө Ак-Суу, Турпандын базарына сатылган жумгалдык Бекболот деген саяпкердин Нарбаш аттуу күлүгү жарым жылга жетпей, Жумгалдагы ээсине качып келген.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]http://kmb3.kloop.kg/?page_id=609 Archived 2011-08-16 at the Wayback Machine «Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.09.2010-ж.