Ажыбай ("Манас эпосу", чоро)

Википедия дан

Ажыбай ("Манас эпосу", чоро) — Манастын башкы чоролорунун бири. Саякбай Каралаевдин вариантында А-дын Манаска чоро болуп келиши жөнүндө кеңири баяндалат. Манас касиеттүү думана чалдын кеңеши боюнча өзүнө ылайык жолдош издеп, Таластан аттанып чыгып Бакайга, анан А-га жолугат. Карткүрөң сындуу ат минген Кара ок өтпөгөн тон кийген... Ача сакал, кызыл жүз, Эңчегер бойлуу, кең далы Аргын кандын Ажыбай Ажыбайдын өзү экен (Саякбай Каралаев, 1. 192). Эпостук салт боюнча баш каарман өзүнө тете эрлерди издеп чыгып, алар менен күч сынашып, же жөн жай сөз табышкандан кийин гана чоро болуп калат. А. да Манастын башка чоролору сыяктуу теңдеш баатыр таап достошом деген ойдо Манас менен Бакайды издеп чыгып, чаалыгып-чарчап, ээн талаада уктап калат. Бакай менен Манас анын үстүнөн чыгып, жай сурашып таанышат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А-дын өз аты Абдылда, сөз билги, чечен, элчи катары баяндалат. А-дын Манаска келип кошулуш окуясы өзүнчө баян этилбейт. Бирок, кырк чоро тууралуу сөз болгондо «күлдүргүчү Ажыбай», «өткүр чечен Ажыбай», «өткүр баатыр Ажыбай» сыяктуу сыпаттоолор менен кошо ысымы дайыма аталат. Ишкердиги жана элчилик жүйөкөрлүгү төмөнкү окуялардан ачык байкалат. А. чабарман элчи болуп Арапстандагы Айкожого барып келет. Манастын түшүн жоруп өзүнө теңдеш эр жүрөк баатыр Алмамбет келээрин айткандыгы үчүн той берилип, ошол тойдо өткүр чечен Абдылдага Ажы бий наам берилет да чоролор арасында А. аталып кетет:

Айтар сөздөн, акылдан

Алдырбайсың адамга,

Жаның тирүү турганда

Жаактуудан адам жанашпас,

Таалайыңды адам талашпас,

Бийлик тонду алдың деп,

Бий болдуңуз Ажым деп.

Ажы бий болду атагы...

(Ажыбай деп атаган

Акындар билбес чатагы) (Сагымбай Орозбаков, 2. 282 —283).

Бий болгондугун билгизип, Манас А-га тон жабат. А. Алмамбетти тосуп чыгып аттан түшүрүп, Манаска ээрчитип кирет. Кенжут шаарына аттанганда өзүнчө кол башчы болуп барат. Саякбай Каралаевдин вариантында анын элчилик ролу өтө ачык берилген. Чоң казат мезгилинде Кошойдун сунушу боюнча Эсенкандын сөзсүз жеңилгенин моюнга алдырыш үчүн «башына жаман иш түшсө, капаланып кайгырбас кыраан, жазы жаак, жалпак тил, жаңылбай сөздү айтуучу чечен» элчини Бээжинге жибермек болушат. Ага «жетимиш уруу тил билген» А. тандалып, ал өзүнчө тагылган тапшырманы ийгиликтүү аткарып келет. Манас өлгөндө да, анын зыйнатына туруучу кандарга чабарман — элчи катары А. кабарга барат. А. Манастын жеке сакчысы да болуп саналат. Кичи казат мезгилинде сакчылыкта анын уктап кетишинен пайдаланып Коңурбай жоо кийимсиз турган Манасты аңдоосуздан жаралайт. Айрым маалыматтарга караганда 14-кылымда Аксак Темирге каршы согушта сол канаттагы колду башкарган тарыхый инсан болуп эскерилген аргындардын Ажыбек деген болгон. Эскерилген тарыхый окуя «Манас» эпосунда чагылдырылган деген көз караш да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4