Карткүрөң

Википедия дан

Карткүрөң Ажыбайдынаты."Манас" эпосунда К. аркасы бийик, маңдайы калың, туягы чулу, кайыптын тукуму, чаалыкпас тулпар катары сүрөттөлөт. Анын "Бир изин жаза баспаган, Азар-түмөн жылкы алып, Кошуп ийсе жылкыга Бир жаңылбай баштаган" (Сагымбай Орозбаков, 4. 177) айбандан башка акылдуу мал экенин байкап, Алмамбет Чоң казатта чалгынга жөнөгөндө К-дүн күчүн сурайт. Коңурбайдын жылкычысы Карагул Алмамбет менен Сыргактын өздөрүнөн гана эмес сыны башка тулпар К-дөн да "Тулпардык шаңы көрүнгөн, Биздин элдин малы эмес Коштоп жүргөн атыңыз" (Сагымбай Орозбаков, 4. 283),— деп шек санаганда Алмамбет аны "Макел баатырдын буруттардан олжого түшүргөн малы", — деп жүгөнүн шыпырып жылкыга кошуп жиберет.

Ошентип, К-гө баштатып жылкы тийип алышат. Ажыбайдын ар кандай баатырдык аракеттери К. менен жүргөндүгү Саякбай Каралаевдин варианты нда кеңири сүрөттөлөт (Саякбай Каралаев, 2. 170, 176).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4