Тойчубек уулу Дыйканбай

Википедия дан

Тойчубек уулу Дыйканбай - (1873–1923) бугунун белек уруусундагы алдаяр уругунан. Ал 1873-жылы Ысык-Көлдүн Ой-Булак айылында туулган.

Тыныбек манасчынын дагы бир шакирти, Тойчубек уулу Алмабектин бир тууган агасы, ХIХ кылымдын аягында, ХХ кылымдын баш ченинде жашаган чоң жомокчулардын бири Тойчубек уулу Дыйканбай эпос айтууга жаштайынан белсенген. Ашта-тойдо, кыз оюндарында жамактатып ырдап, элдир-селдир улуу эпостон да айта коюп жүргөн күндөрдүн биринде, касиеттүү думана жолугуп, оозуна үч жолу түкүрүп, “кор болбо” деп маңдайынан сылап: “Манасты калтырбай айтып жүргүн” – деп, табыштайт. Ал Ысык-Көл, Нарын, Ат-Башы, Чүй, Жаркент, Нарын-Кол, Текес жерлерин кыдырып “Манас” айткан. Устаты Тыныбек: ““Семетейди” айтууда ак калпактуу кыргыздан Дыйканбайдын алдына эч ким чыкпайт”-деген. Сагымбай, Тоголок Молдо, Деңизбай (Дөңүзбай), Касымбай, Калыгул, Байбагыш, Жакып, Кожоберди сыяктуу далай шакирттерди тарбиялаган устаттын оозунан ушундай татыктуу баага арзуунун өзү, анын өз доорунун эң мыкты манасчыларынан болгондугун айгинелейт.

Тойчубек уулу Дыйканбай 1923-жылы туулган айылында дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]