Той ырлары

Википедия дан

Той ырларыэлдик салтка байланыштуу тойдо жеке адам тарабынан, же көпчүлүк тарабынан коллективдүү мүнөздө ырдалуучу өзүнчө обону, аткаруу манерасы бар ырлар. Бешик той, тушоо кесүү, жаш балдарды отургузуу, үйлөнүү тойлоруна байланыштуу той ырларынын да мазмуну, мүнөзү ар кыл келет. Муну менен бирге бардык түрк элдеринин кыз узатуудагы тоюна таандык болгон «Жар-жар» айтуулар, келин саламдар, лирикалык мунөздөгү «Той баштар» деген ыр жана кеңири тараган көрүшүү ырлары кыргыз элинде той ырларынын көп экендигин күбөлөйт. Той ырлары эпикалык дастандарда да эпизод катары көп учурайт.

Булак: Ж. Шериев, А. Муратов Кыргыз адабияты терминдердин түшүндүрмө сөздүгү Б.1994