Токоев Таалайбек Токтосунович

Википедия дан

Токоев Таалайбек Токтосунович (1956-ж.т., Нарын обл., Кочкор району, Жаңы-Жол айылы) - кыргыз тилчиси.

  • 1974-жылы СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУнун Кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.
  • 1979-80жылдары Нарын областык «Нарын правдасы» газетасында адабий кызматкер,
  • 1980-1989-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабияты институтунун кыргыз тили секторунда кенже илимий кызматкер,
  • 1989-1994-жылдары КМУда окутуучу, ага окутуучу.
  • 1994-1998-жылдары КРнын Ички иштер министрлигиндеги Бишкек жогорку мектебинин тил даярдыгы кафедрасынын доценти,
  • 1998-2000-жылдары КУУнун Кыргыз филологиясы факультетинин Кыргыз тили илиминин кафедрасынын доценти, профессору, докторанты болгон. филология илимдеринин доктору, профессор (2007). М. Кашгари атындагы Чыгыш Кувейт университе-тинин профессору (2007).

Менчигинде 3000 (үч миңдей) кыргыз тили менен адабиятына, тил илимине, орус жана дүйнө тилдерине байланыштуу эмгектер бар.

Негизги эмгектери: «Экспрессивдик конструкцияларды бири-биринен айырмалоо», «Тил жана сүйлөшүү проблемасы», «Сүйлөшүүдөгү сегментация кубулушу жана атама фразалар», «Позициялык-лексикалык кайталоонун синтаксистик-стилистикалык өзгөчөлүктөрү», «Апозиопезис (Кесинди конструкциялар)», «Кыргыз тилиндеги парцелляция кубулушу», «Кыргыз тилиндеги синтаксистик конструкциялар». Дагы 50 (элүүдөй) макала түрүндөгү эмгеги жарык көргөн. Алар азыр кыргыз тилинин грамматикасына (айрыкча синтаксисине, кыргыз жазуусунун тарыхына) арналган.

Токоевдин жетекчилиги астында 7 кандидаттык диссертация корголгон. Азыр БГУнун “Кыргыз тили” кафедрасынын башчысы болуп иштейт. Токоев Таалайбек КРнын билим берүү министрлигинин, КУУнун, ИИМдин БЖОЖнын, Кувейт университетинин Ардак грамоталары, КРнын Элге билим берүүнүн отличниги” (2005) төш белгиси менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9