Токой бонитети

Википедия дан

Токой бонитети (лат. bonitas – сапаттуулук) – топурак, климат жана жер шартына байланыштуу токой кунардуулугун аныктоочу шарттуу көрсөткүч. Токойдогу негизги дарактын жашын эсепке алуу менен анын орточо бийиктиги боюнча аныкталат. Т. б-ти сапат көрсөткүчүн класска бөлүп баалоо шкаласы пайдаланылат. Т. б. 5 класстан турат. 1-класска эң сапаттуусу, 5 класска эң начары кирет. Кээде кошумча класс менен да бааланат. Бардык дарак породасы үчүн жалпы баалоо шкаласы колдонулат. Үрөндүк жана жаш бак-дарак үчүн атайын шкала бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]