Токомбаева Гүлмира Асанбековна

Википедия дан
Токомбаева Гүлмира Асанбековна
Жынысы Аял
Туулган датасы 1952
Энеси Еркимбаева Мунжия Закировна
Бир туугандары Еркимбаева Офелия, Токомбаева, Айсулуу Асанбековна
Кесиби pianist

Токомбаева Гүлмира Асанбековна (1952-ж. т., Фрунзе ш.) - пианист. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1985).

  • 1971-ж. Москвадагы П. Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы борбордук музыкалык мектебин бүтүргөн.
  • Ошол эле жылы консерваторияга кабыл алынат. 1976-78-ж. консерваториянын аспирантурасын бүтүргөн.
  • 1978-жылдан Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда фортепьяно боюнча мугалим, кафедра башчысы, факультеттин деканы, доценти.
  • Педагогдук кесип менен бирге концерттик ишмердигин да улантууда.

Борбордук музыкалык мектепте окуп жүргөндөн баштап ар кандай юбилейлик концерттерге катышат.

  • Кыргыз ССРинин 40, 50 жылдык салтанаттарында, кийин Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын симфониялык оркестринде, Казакстандын мамлекеттик симфониялык оркестринде ж. б. Коллективдерде жеке аткаруучу катары фортепьянодо ойнойт.

КМШ өлкөлөрүндө жана Тунисте, Швецияда, Швейцарияда, Польшада, Германияда, Түркияда гастролдо болгон.

Дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлорунун ар кандай жанрдагы чыгармаларын аткарат.

1998-жылдан тартып Түркиянын Анкара консерваториясында педагог болуп иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.