Айсулуу Токомбаева

Википедия дан
Айсулуу Токомбаева
Жынысы Аял
Жарандыгы Советтик Социалисттик Республикалар Союзу, Кыргызстан
Туулган датасы 22 сентябрь 1947
Туулган жери Бишкек
Энеси Еркимбаева Мунжия Закировна
Бир туугандары Токомбаева Гүлмира Асанбековна, Еркимбаева Офелия
Кесиби ballet dancer, Балетмейстер, choreographer
Партиянын мүчөсү Советтик Союздун Коммунисттик партиясы
Сыйлыктары USSR State Prize, People's Artist of the USSR

Токомбаева Айсулуу Асанбековна (1947-жылы т., Бишкек ш.) – балет артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1975), СССР эл артисти (1981).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1966-ж. Ленинград хореография окуу жайын бүтүргөндөн кийин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекет академиялык опера жана балет театрынын артисти, 1967-жылдан солисти.
Токомбаева – өз өнөрү менен лириканы, драманы, трагедияны бирдей деңгээлде чагылдырып, ишенимдүү аткарган техникалуу балет артисти.

Театр репертуарындагы башкы партиялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чолпон (М. Раухвергер, «Чолпон»), Асел (В. Власов, «Асел»), Мария (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Одетта-Одиллия (П. И. Чайковский, «Ак куу көлү»), Фригия (А. Хачатурян, «Спартак»), Свобода (М. Равель, «Болеро»), Жизель (А. Адам, «Жизель»), Толгонай (К. Молдобасанов, «Саманчынын жолу» балет-ораториясы) жана башкалар.

Одетта, «Ак куу көлү» балети

Токомбаева – кыргыз искусствосу менен адабияты күндөрүнүн (Өзбекстан, Латвия, Белоруссия, Эстония, Литва) катышуучусу, хореографиялык концерт номерлеринин бүткүл союздук конкурсунун дипломаты.
Россия, Польша, Болгария, Финляндия, Ливия, Тунис, Швеция жана башкалар өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССР мамлекет сыйлыгы (1976) жана Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1969) лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]