Балетмейстер

Википедия дан

Балетмейстер (нем. Ballettmeister бийдин устаты) бийди, балетти, хореографияны, номерлерди коюучу адам. Балетмейсер сахнада көркөм образды жана спектаклдин идеясын көрсөтүүчү кыймыл-аракеттин системасын түзүп, хореография партияны ар бир актёр жана бүт коллектив менен бирге иштеп чыгат. Кыргыз балетмейстерлери Н. Түгөлов, Э. Мадемилова, У. Сарбагышев, С. Абдужалилов, К. Садыков, М. Асылбашев ж. б-дын улуттук бийдин өнүгүшүнө кошкон салымдары чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4