Токтобаев Азиз

Википедия дан

Токтобаев Азиз (1911, азыркы Баткен областы, Кадамжай району, Пүлгөн кыш. -1.1.1993, Өзбекстан, Ташкент) - советтик партиялык ишмер.

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949), профессор (1974). Кыргыз мамл,педагогика институтун (1934), Москвадагы ВКП(б) БКнын алдындагы редакторлор жана котормочулардын жогорку курсун (1938), Ташкенттеги марксизм-ленинизм кечки институтун (1940), ВКП(б) БКнын жогорку партиялык мектебин (1951) бүтүргөн. Комсомолдун Араван райкомунун 1-секретары (1934-35), Ташкент мамлекеттик университетинин окутуучусу (1938-40), партиянын Ташкент обкомунун бөлүм башчысы (1941-42), партиянын Алтын-Көл райкомунун (Анжиян областы), Анжиян шааркомунун, Анжиян обкомунун 1-секретары (1942-46), Өзбекстая КП БКнын бөлүм башчысы (1946), партиянын Жаңы-Жол (Янгийул) райкомунун, Ташкент обкомунун 1-секретары (1947-50), Наманган областы аткаруу к-тинин төрагасынын орун басары (1950-53), Орто Азия көмүр комбинатынын башчысынын орун басары (195355), партиянын Кара-Суу райкомунун (Кыргыз ССРи) 1-секретары (1956-61), Ош педагогика интунда (1961-65), Ташкенттеги Эл чарба институтунда (азыркы Ташкент мамлекеттик экономика университети) окутуучу, доцент (1965-70), Фергана педагогика интуңда (1970-77), Ташкент мамлекеттик университетинде (азыркы Мырза Улугбек атындагы Улуттук университети) кафедра башчысы (1978-88) болуп иштеген. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4