Токтоболот уулу Солтобай

Википедия дан

Токтоболот уулу Солтобай (1834–1918) Өз заманындагы чоң ырчы жана ырчылар поэзиясынын ири өкүлү. Арстанбек акын менен замандаш жана теңтуш болгон. Аны устаты катары пир туткан. Экөө көп жылдар бир аймакта жашагандыктан, чыгармачылык байланыш түзүп, чоң ырчыдан таалим-тарбия алган. Ал акындын коштошуу ырларынан, Шабдан манапты кордошунан, айрыкча, “Боромбайдын керээзинен” ачык байкалат. Устаты өлөөрүндө шакиртине “келтирип айткын сөзүмдү, кейитпегин өзүмдү” деп керээзин калтырат. Солтобай да өмүрү өткөнчө Арстанбектин сөзүн жерге таштабай, анын чыгармаларын аздектеп, эл арасында ырдап жүрөт.

Чоң акындын “Керээзи”, “Сүйүмбай менен айтышы” Солтобай аркылуу бузулбай бизге жетип отурат. Чыгармачылык багыты боюнча лирик акын. Салт ырларынын ири устаты. Өз өмүрүндө мактоо, кордоо ырларын көп жараткан. Чоң-чоң аш-тойлордо жар чакырат. Кыз-келиндерге да кошок үйрөтчү экен. Эл арасына кеңири тараган Чыныбайдын кыздарынын кошогу Солтобай тарабынан чыгарылган. Солтобай өз мезгилинде уруу башчылары менен тизгиндешип, кези келсе мактап же сындап, эл арасында кадырлуу өмүр сүрөт. Айрыкча, оң, сол кыргыздарына, өзбек, казак сыяктуу коңшулаш элдерге кадыр-баркы артып, орус падышачылыгына да таанылып, ишенимине өткөн Шабдан манапты кордоп ырдашынан кийин “баатыр ырчы” деп аталып, атагы катуу чыгып аброю артат. Анын адабий мурасы бизге толук жеткен жок. Музыкалык өнөрүн да өзү кошо ала кетти. Солтобай да өткөндө эскичил, уруу ырчысы катарында турган. Анын ырларынын ичинен “Боромбайдын керээзи” (акын тарабынан поэтикалык формага келтирилип, мааниси кеңейтилген), Шабданды мактап, кордоп ырдагандар, Текес-Жылдыз, Ысык-көл менен коштошуусу гана колго тийген.

Бирок, мактаса да, кордосо да чегине жеткирген чоң ырчы экендиги жогоркулардан эле көрүнүп турат. Солтобайдын таасын талантына, чоң сөрөткерлигине коштошуу ырлары ачык күбө. Мында сөз демейдегидей эле анын жеке керт башынын тегерегинде гана жүрбөстөн, чыгарманын аймагы бир топ кенен: анда калк тагдыры, Ата журт келечеги, адеп-ахлак, ыйман-ынсап, замана мыйзамы, элдин турмуш-тиричилиги, социалдык ал-абалы сыяктуу коомдук курч маселелер козголуп, коштошуу ырынын жанрдык чегинен чыгып, өз алдынча поэмага тете окуяны ичине салат. Солтобайдын улуулугу, чоң акындыгы өз доорунун тарыхый-турмуштук кырдаалын, калк муктаждыгын, кайгы-касиетин терең туюп, эл сезимине жеткире ырдашында, замандын салмактуу маселесин көтөрүшүндө, сөз кудуретинин бийиктигинде турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Инсандар (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9