Токтогазы Жусуп уулу

Википедия дан

Токтогазы Жусуп уулу (1864, Талас өрөөнү, Таш-Арык айылы —1933, ошол эле жер) — революцияга чейин "Манас" эпосун кагаз бетине түшүргөн, Манастын күмбөзүнүн жазууларын изилдеген инсан. Кыргыз жергесинде Совет бийлигин орнотууга кол кабыш кылган сабаттуу адам болгон. Т. 1919-жылдан РКП(б)нын мүчөлүгүнө өтүп, Талас өрөөнүндө алгачкы партиялык ячейканы уюштурган. 1919-ж. Олуя-Ата (азыркы Жамбыл) шаарында өткөн кыргыз-казактын Союз кошчу съездине катышкан. Ал "Манас" эпосунун бир катар үзүндүлөрүн кагаз бетине түшүргөн. Алардын ичинен сакталып калганы "Семетей кысса бу турур" Т-га таандык болушу мүмкүн. Бул кол жазма азыр Кол жазмалар фондусунда сакталып турат (Кол жазмалар фондусу, 5183-инв.). Мындан тышкары анын 1910—29-жылдардын аралыгында Талас өрөөнүн ыр менен сүрөттөгөн казакча ырлары да ушул эле фондуда (Кол жазмалар фондусу, 1731-инв.) сакталуу.

Ошондой эле Т. өз доорунда биринчилерден болуп Манастын күмбөзүн изилдеген адам. Бүгүн анын мурастарынын арасында Манастын күмбөзүнүн бетиндеги жазуунун көчүрмөсү жана аны чечмелегени сакталып калган. Окумуштуулардын арасында талаш туудурган бул жазууну Т. минтип чечмелеген: "Түркчөсү. Саал кадн буркенчекли бул ишти жаңылоочусу аласы менен экөө бир бурка болду. Ага атасы ачуу кылардан пайдасына өтмөдү. Ушуну бүткөргөн Рапаа кадн кайгылуу болду. Бу ой айя эмес. Кадндыкы түрк каднынан. Могер билги башек жоомарт кудай жоуй кадна кекешли тара бойлду көп кишилер саптүсөп жан кылган. Баатыр жигиттерге башчысы болгон өзүнүн оглудан эч адам намысын бербеген баатыр Манастын жайы" —, деп чечкен Токтогазы Жусупбек уулу, 1927-жыл".

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4