Токтогулов, Эрменбек

Википедия дан

Эрменбек Токтогулов (Талас районундагы Үч Эмчек айылында 1935-жылы 20-майда туулган) - драматург, режиссер, акын.
1955-жылы Ташкенттеги А.Островский атындагы көркөм-театралдык институтун бүткөн, СССР эл артисттери Игорь Ильинский жана Евгений Симоновдун жетекчилиги астында СССР Кичи Академиялык театрында эки жылдык режиссердук стажировкадан өткөн.
1955–1963-жж. Жалал-Абад жана Пржевальск драма театрларында режиссер,
1963–1971-жж. Нарын музыкалык-драма театрында режиссер жана башкы режиссер, Кыргыз радиоуктуруусунда башкы режиссер,
1983-жж. «Кыргызстан» басмасында искусство адабияты боюнча редакциясынын башчысы болуп иштеген.
Кийин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун режиссура кафедрасынын доценти болгон.
Э.Токтогуловдун «Нарындын жээгинде», «Замандаштар», «Кошуна-лар», «Ачылуу баллада», «Фрунзенин оттору», «Ай сонатасы», «Тилекмат-тын жоруктары», «Эне жүрөгү» ж.б. пьесаларды жазып, алар профессио-налдык жана элдик театрларда коюлган. Ал «Ай сонатасы», «Пьесалар» өңдүү драмалык чыгармалардан турган китептердин автору.
Э.Токтогулов коомчулугубузга акын-сатирик катары да кеңири тааны-мал. Анын көп ырларына обондор жаралган.
Өзүнүн көп жылдык режиссердук ишмердигинде Э.Токтогулов жети-миштен ашык оюндарды коюуга жетишкен. Ч.Айтматовдун «Бетме бет», К.Жантөшевдун «Курманбек», Т.Абдымомуновдун «Атабектин кызы», Р.Шүкүрбековдун «Менин айлым», Б.Жакиевдин «Атанын тагдыры», Н.Гогольдун «Никелешүү», В.Шекспирдин «Виндзор сойкулары», A.Островскийдин «Добул» ж.б. спектаклдери үчүн, Э. Токтогуловго өкмөт тарабынан «Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген иш-мер» деген ардактуу наам ыйгарылган.
Э.Токтогулов 1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1973-жылдан СССР Журналисттер союзунун жана Кыргыз Республикасынын Театр иш-мерлер союзунун мүчөсү.

ПЬЕСАЛАР

Ай сонатасы: Пьесалар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 204 б.

Пьесалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 184 б.