Токтогул Ибрагимов

Википедия дан
Ибрагимов Токтогул
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Ибрагимов Токтогул
Туулган жылы: 1949-жылы 6-апрель
Туулган жери: Таш Арык айылы, Талас району, Талас облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу
Учурдагы кызматы: Тактала элек


Жазуучу Токтогул Ибрагимов Талас районундагы Таш-Арык айылында 1949-жылдын 6-апрелинде туулган.

1964-жылы Долоно сегиз жылдык, 1966-жылы «Кырк-Казык» орто мектебин аяктаган.

1968–1970-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1970–1978-жж. Фрунзе шаарындагы Кыргыз энергетика илим изилдөө бөлүмүндө лаборант болуп иштеп жүрүп

СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

1978–1980-жж. Таластагы №6 кесипчилик-техникалык окуу жайында кыргыз тили, адабияты мугалими,

1980-жылы Талас шаар-райондук «Лениндик Туу» гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы, 1991–1998-жж.

облустук «Талас турмушу» гезитинде башкы редактордун орун басары, Талас шаар-райондук «Заман нуру» гезитинин башкы редактору,

2001-жылы Талас облусунун губернаторунун басма сөз катчысы, 2002–2005-жж. Талас облустук телерадиокомпаниясынын төрагасы,

Талас шаардык «Жаңы багыт» гезитинин башкы редактору жана 2002–2005-жж. Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун Талас облустук бөлүмүнүн төрагасы болгон.

«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» жана «Манас-1000» юбилейлик медалдары менен сыйланган.

2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыздын Таластагы улуу тою. – Талас, 1996. –(Н.Касымбеков менен бирге).
  • Кылым карыткан Кызыл-Кыя. – 1998.
  • Кут даарыган Бакай-Ата. – 1999.
  • Талас жаңырыгы –2001. – (М.Мамбеталиев менен бирге).
  • Генерал-полковник Мырзакан Субанов – 2004.
  • Too жаңырткан өмүрлөр: – 2007.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6