Токтогул Калмамбет уулу

Википедия дан

Токтогул Калмамбет уулуманасчы, жомокчу.
13 жашында атасынан айрылган. Отузга чыкканча Токтомуш деген бийдин эки жоргосун багып, ал кайда барса кошо жүрүп, той-тамашаларда жомокчу, ырчы, комузчуларга жолугуп, көптөгөн жомокторду, ырларды уккан.
«Манас» айтканды Келдибек, Тыныбек ж.б. жомокчулардан, ырчылардан, сөзгө чебер чечендерден үйрөнгөн. 1889 жылдан мергенчилик менен оокат кыла баштайт. 1894ж. Жазы суусун бойлоп Карашоро, Чыттыга көчүп барып туруп калат. Чытты ашуусунан жайы-кышы ары-бери өткөндөр, мергенчилер менен сүйлөшүп, алардан көптөгөн жомокторду, уламыштарды, дастандарды үйрөнгөн.
Т. «Бостон», «Соболоң-Султан», «Көкөтөйдүн Алтын-Көкүл», «Кер-Көкүл», «Эр Чегиш» сыяктуу дастандарынан үзүндүлөр уулу Акматтын айтуусунда жазылып алынган.