Мазмунга өтүү

Тыныбек Жапы уулу

Википедия — ачык энциклопедия
Тыныбек Жапый уулу
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты:Тыныбек Жапый уулу
Туулган жылы:1846-жыл
Өлгөн жылы:1902-жыл
Туулган жери:Кайнар айылы, тескей Ысык-Көл, Кыргызстан
Өлгөн жери:Туюк төрү, азыркы Нарын району, Кыргызстан
Ишмердүүлүгү:манасчы
Тыныбек Жапы уулу
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

манасчы

Туулган датасы:

1846 жыл(1846)

Туулган жери:

Ысык-Көл

Өлгөн датасы:

1902 жыл(1902)

Өлгөн жери:

Нарын району

Кол тамгасы

[[Файл:|150px]]

Тыныбек Жапы уулу, Тыныбек Жапый уулу (1846-жыл, Кайнар айылы, Ысык-Көл облусу – 1902-жыл, Байдуул –Туюк, Нарын) — кыргыз манасчысы.

Тыныбектин өмүр жолу тууралуу так жана кеңири маалыматтар аз сакталып калган. Манасчынын небереси Актан Тыныбек уулу ар кайсы адамдардан уккан эскерүүлөрүнүн негизинде 1938-жылы жазып калтырган кол жазма учурда Тыныбек жөнүндө негизги булак катары пайдаланылып келет.

Ал-кыргыздар “чыныгы эпикалык доорун башынан кыйгас өткөрүп” (В.В.Радлов), натыйжада “Манас” айтуу өркүндөп , опогейине жетип турган кезинде ошол өнөрдүн эң көрүнүктүү өкүлү катары чоң Манасчы аталып, эл ичинде абдан зор кадыр-батка ээ болгон улуу инсандын бири.

Тыныбек 18 жашка келип калган учурунда Караколго баратып, Бир-Булак деген жердеги эки-үч түтүн жатакчылардын үйүнө түшүп калат. Түнкүсүн билген ырын ырдап берип, жатакчылардын көңүлүн ачат. Түн ортосу болуп калганда эшикке чыгып, атынын жанына жатып уктап кетип, түш көрөт. Түшүндө Бир-Булактын батыш жагы, көлдүн кашатындагы дөбөлөрдө түрү сүрдүү көрүнгөн, чоң-чоң аттарды минген, жоо-жарактар менен куралданган айбаты бир бөлөк адамдардын арасында болуп калат. Коркконунан калтаарып чыгат. Турган адамдардын арасынан түлкүдөй сур ат минген, төөнүн жүнүнөн боз таар чепкен кийген, көзүнөн от чыккан, маңдайы жазы, мурду кырдач, жаңыдан чыгып келе жаткан жээрде муруту бар, эрди жука, орто бойлуу, сары чийкил жигит:

– Ой, Тыныбек, бери басып, мындай кел! – деп жанына чакырат.

– Турган элдин баарын тааныштырайын, жакшылап байкап ал!.. Ошентет да, Манас баштаган баатырларды бир-бирден санап тааныштырып кирет. Андан соң: “Тээтиги маңдайкы карарган калың эл Коңурбайдын колу. Бизди кууп келатат. Биз эми тосуп чыгып, алдынан кайра жапыра сайып, тымтыракайын чыгарып кете беребиз. Эми, Тыныбек, эртең конгон жериңе бир кара кой союлат. Ошону Манас баатырдын арбагына атап койгун. Анан андагы элге Манас баатырдан айтып бергин. Эгер, Баатырды айтып жүрбөсөң майып болуп каласың” – дегенде, Манас баатыр: “Ой, Тыныбек! Биздин ушул жүрүшүбүздү калтырбай айтып жүр!” – деп, кылчая бергенде, Тыныбек аны тик багып карай албай: “Макул, Баатыр” – дейт. Андан соң “жоону тосчу убак болду” деген тигилер жер дүңгүрөтүп жөнөп кетишет.

Тыныбек түшүнөн чочуп ойгонуп, өзүнүн кара терге түшүп, башынан буу чыга, жылаңайлак, жылаңбаш отурганын сезет. Таң сүрө өзү түш көргөн жерге барып, орто кемегедей, табактай болгон аттын издерин көрүп, таң калат. Жылаңайлак кишинин изине таң калып, өтүгүн чечип ченесе, өзүнүн изи. Кийинки күнү Шалбаага келип түшөт. Айтканындай, ал жердегилер бир кара кой союшат. Ошол жерден биринчи жолу “Манас” айтып, шалкылдап, эсин билбей жыгылат. Улуу Жомокко аттануусу ошентип башталат.

Кийинчерээк, анын элдир-селдир “Манас” айта коюп жүргөнүн байкаган атасы өзү угуп көрүп, андан соң чоң манасчылардан үлгү ал деп, айтылуу Чоңбашка жиберет. Андан Тыныбек жарым жылдай таалим алат. Айылына кайра келип, он-он беш күн жүрөт да, кайра эле Чоңбашты ээрчип кетет. Айтылуу Келдибек, Акылбектерден да кийинчерээк үлгү алып, манасчылыктын сырларын өздөштүрөт. ““Манасты” кантип өздөштүрдүңүз эле” деп сурагандарга ал “ар кимден сурап, курап, ошонун аркасында толуктап айттым” деген экен.

“Манастын” аркасы менен Тыныбек бийликке да жетишип, бий болуп турган. Аны Шабдан, Байтик, Чыныбай, Сооронбай, Өзбек сындуу атактуу манаптар атайын алдырып угушкан. Бир ирет Токмоктун түштүк тарабындагы “Сооронбайдын багы” деген жерде жогоруда аты аталган манаптар Тыныбекке 30 күн “Манас” айттырышкан экен.

Тыныбектен “Манас” жазып алуу үчүн келгенде, алардын эмне максатты көздөгөнүн ачык билбеген жомокчу чечилип айткан эмес. Болгону “Семетейден” айрым бир үзүндүлөрдү гана айтып берген. Ал үзүндү “Семетейден бир бөлүм” деген ат менен кийинчерээк, китеп болуп араб арибинде 1925-жылы Москвадан жарык көргөн. Ал эми Кыргызстанда болсо, китеп болуп 1994-жылы биринчи ирет жарыяланат. Бул чакан бөлүмдүн өзүнөн эле Тыныбектин акындык дараметинин кубаттуулугун аңдоого болот.

Тыныбек Жапы уулу Ысык-Көл облусунун Тескей тарабындагы Кайнар айылында туулган. Ал Бугу уруусунун Тынымсейит бутагынан чыккан.

Атасы Жапый аргымактарды таптаган саяпкер адам болгон. Айрым булактарда анын тилинде бир аз кемтик (тантыктык) болгону айтылат. Апасы Бопуй аттуу аял болгон.

Тыныбек он төрт жашында Тянь-Шан тараптагы эжесиникине бара жатып, Ысык-Көлгө кеткен жолдо Тосор аймагындагы бир мазарга түнөп калат. Ошол түнү ага айкөл Манастын өзү көрүнүп, ошондон кийин ал тынбай «Манас» айтып жүргөнү тууралуу эл ичинде айтылып келет. Ушул окуядан кийин Тыныбек манасчылык өнөрүнө биротоло бет алган деп эсептелет.

Эл арасындагы уламыштарга караганда, Тыныбек «Манас» эпосунун Чоң Казат бөлүгүнүн жаратуучуларынын бири болгон жана бул бөлүмдү алты ай бою тынымсыз айтып, чарчабаган улуу жомокчу катары даңкталган.

Замандаштарынын эскерүүлөрүндө Тыныбектин үнү абдан күчтүү жана тунук болгону айтылат. Айрым маалыматтарга караганда, ал Нарындын Туюк жеринен «Манас» айтканда, үнү Оттук айылынын оозуна чейин угулчу экен.

Тыныбек манасчы катары күчтүү таасир берүүчү өнөргө ээ болгон. Күбө болгон замандаштарынын айтуусунда, жайдын саратан мезгилинде «Манас» айтып жаткан учурда кар жаагандай көрүнүштөр болуп, кардын үстүндө Манас баштаган баатырлардын тулпарларынын издери байкалган деген уламыштар айтылат.

Манасчылык өнөрүнүн аркасында Тыныбек Тянь-Шан аймагында зор кадыр-баркка жетип, отуз жаш чамасында бий болуп шайланган.

Белгилүү «Манас» жыйноочу В. В. Радлов 1898-жылы Тыныбектин айтуусунда эпостун «Семетей» бөлүгүнүн айрым үзүндүлөрүн жазып алгандыгы маалым. Бул материалдар кийинчерээк Казань шаарында жарыяланган.

Улуу манасчы Тыныбек Жапы уулу 1902-жылы Нарын облусундагы Байдүүл (Байдулу) жайлоосунун Туюк төрүндө каза болгон. Ал «Манас» эпосунун бардык бөлүктөрүн жогорку көркөмдүктө толук айта билген манасчылардын бири катары тарыхта калган.

Тыныбектин балалык кези көбүнчө мергенчилик менен өтөт. 14 жашынан баштап “Манас” айта баштап, 25 жашка чыккан кезинде кыргыздын атактуу манасчыларынын катарына кошулуп, даңкы элге кеңири тарайт. Өз учурунда өтө даңазалуу манасчы болгонун Назар манасчы менен болгон айтышы күбөлөйт. “Ошо кезде элдин бир бөлүгү Назар кыйын манасчы дешсе , экинчи тарабы Тыныбекке жетери жок дешип талашып калчу экен. Ушундан улам көлдөгү атактуу манап Чыныбай Назар менен Тыныбекти айтыштырып көрөт. Буларга манас баатырдын өлгөнүнөн тартып күнбөз салдырганына чейин айткыла деп тпшырат. Адегенде Назар айтып бир жарым күндө бүтөт. Ал күнбөздү надыр деген устага салдырат. Анан Тыныбек да бир жарым күн айтат. Бирок, Тыныбек күнбөзхдү Анжиян, Наманган жактагы Арыстан деген эшенге салдырат. Булуады угуп олтурган калыстар, Манастын күмбөзүн же олуя же Тыныбек айткандай эшен салбаса, мынча кылымдар боюу ал күнбөз турат беле деп, Тыныбектин айтканын туура табышат. Тыныбек жеңип чыгып, 100 сом жана бир ат байге алат” мына ушундан тартып Тыныбектин даңкы дагы көтөрүлүп, аны кыргыздын Шабдан, Байтик, Сооронбай, Озбек өңдүү атактуу манаптары да чакыртырып ырдатышат . Аталган манаптар бир жолу Токмоктун түштүк тарабындагы Сооронбайдын жери деген жерге чогулуп Тыныбекке 30 күн уда “Манас” айтырышкан экен.

Өз доорунун уулу улуу жомокчусу Тыныбектин чоң жыйыныга чакыртылып , эл алдында “Манас” айткан бир учурун санжырачы Б.Солтоноев мындай мүноздөйт : “1896-жылы күз айында болгон Каракол, Пишпек, Нарын, токмоко караган бүткүл кыргыздарга көл малдыда сьезд болуп, ошондо Тыныбектин “Манас”, “Семетейди” айтканын үч күн чамасында уктум . ошондо болжолуу 45-48 чамасындагы семиз, толук денелүү , өзү кызыл чийкил , бети толук , сакал-муруту кичине, күрөң киши экен. Өзү бий экен . Сьезде отурду . “манас”, “Семетейди” айтырууга уезден сурап алып , сьезге жибербей айтырып турду. Эл сьезге көп карабастан күндүр-түндүр анын үстүндө болду . Күн баткандан таң атканча айтканда 200-300 киши уктабастан карап олтурганын көрдүм -деп жазат.

Манасчылыкка келиши

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башка манасчылар сыяктуу эле, Тыныбек өзүнүн «Манас» айтып калышын түш көрүү керемети менен байланыштырган. Элдик маалыматтарга караганда, ал 18 жаш чамасында Каракол шаарына бара жатып, Бир-Кулак деген жерде эки-үч түтүн жатакчылардын үйүнө конуп калат. Түнкүсүн ырдап берип, алардын көңүлүн ачкан соң, түн ортосунда эшиктеги атынын жанына жатып уктап кетет.

Түшүндө Бир-Кулактын батыш тарабындагы көлдүн кашатындагы дөбөлөрдө, түрү сүрдүү, чоң аттарды минген, кылыч, мылтык, найза менен куралданган айбаттуу адамдардын арасында болуп калганын көрөт. Ошол адамдардын ичинен түлкүдөй сур ат минген, төөнүн жүнүнөн токулган боз таар чепкен кийген, көзүнөн от чыккан, маңдайы жазы, мурду кырдач, орто бойлуу сары чийкил жигит — Күлчоро — Тыныбекти жанына чакырып, Манас баштаган Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу баатырларды биринен сала бирин тааныштырып чыгат.

Андан соң Күлчоро алдыдагы карарган калың элди көрсөтүп, бул Коңурбайдын колу экенин айтып, алар менен салгылашуу болорун билдирет. Тыныбекке эртеси конгон жеринде бир кара кой союлуп, Манас баатырдын арбагына багыштап, элге «Манас» айтып берүүсүн осуят кылат. Эгер айтпай койсо майып болуп каларын эскертет. Ошондо Манас баатыр өзү да Тыныбектен бул жүрүштөрдү калтырбай айтып жүрүүнү суранат.

Тыныбек түшүнөн чочуп ойгонуп, кара терге түшүп, жылаңайлак, жылаңбаш отурганын сезгенин айткан. Таң атканда түшүндө көргөн жерге барып, чоң аттардын издерин көргөнү тууралуу эл ичинде уламыштар айтылып келет. Кийинки күнү Шалбаа деген жерге келип, ал жакта бир кара кой союлуп, Тыныбек биринчи жолу эл алдында «Манас» айткан. Ушул окуядан кийин анын манасчылык жолу башталган деп эсептелет.

Түшүндө “Бир-Кулактын күн батыш жагы көлдүн кашатындагы дөбөлөрдө түрү башкача көрүнгөн, чоң-чоң ат минген , кылыч, мылтык, найза менен куралданган, эң бир сүрдүү, айбаттуу көп адамдардын арасында болуп калганын көрүп, өзүнөн-өзү крокуп калтырап турат. Ал турган адамдардын ичинен түлкүдөй сур ат минген төөнүн жүнүнөн боз тар чепкен кийген, көзүнөн от чыккан, маңдайы жазы, мурду кырдач, жаңыдан чыгып келе жаткан жээрде муруту бар, эрди жука, орто бойлуу сары чийкил жигит Күлчоро: Ой, Тыныбек, бир басып мындай кел, - деп жанына чакырып, турган, элдин баарын таныштырайын, жакшылап байкап, таанып ал,- деп алдындагы катарлаш элди карап, Манас, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак баш болгон баатырларды колун сунуп, бир-бирден көрсөтүп , ыр менен сүрөттөп таныштырат.Бүткөн бою балкып карап турган Тыныбекке Көлдүн күңгөй жагын көрсөтүп:

- Тээтиги мандайкы карарган калың эл Колуңбайдын колу.Бизди кууп кележатат. Бирок, биз эми тосуп туруп алдынан кайра жапырып сайып, тымтыракайын чыгарып кетебиз. Алардан качкан бойдон кетпейбиз. Эми Тыныбек , эртең конгон жериңде бир кара кой союлат. Ошону Манас баатырдан ырдап бер. Эгер баатырды жүрбөсөң майып болуп каласың, -дегенде, Манас баатыр:
- Ой Тыныбек , биздин ошол жүрүшүбүздү таштабай айтып жүр, - деп кылчая каараганда Тыныбек аны тике бага албай:
- Макул, бааатыр,- дейт.
- Жүргүлө , тигини тосуучу убак болуп калды,- деп күңгүрөгөн айбаттуу каңыр угулуп, калың эл дүрбөпжөнөшөт. Жердин бети уйуган чаң болуп, кайда кеткени билинбей, жер дүңгурөгөнсүп калат”.

Эл Тыныбектен “Манасты” кантип үйрөндүңүз деп сураганда, ал: “Көп адамдар менен аңгемелешүү , үйрөнүү арасында билдим жана толуктап айттым”,- деп жооп берген. Сенден үйрөнүп жүргөн кишилер барбы деген суроолор болгондо, менден сурап, үйрөнүп , жазып алып жүргөндөр бар. Алар  – Сагынбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Байбагыш, Дөңүзбай жана башка деп жооп берчүү экен.

Тыныбек өз тукумунан өзүнүн жолун улантуучу манасчы калса экен деген тилекте болгон. Ал өлөр алдында Сооронбай менен жэээни Байбатышты ырдатып көрүп: “балам Сооронбай, сен көп арбытып айта албайт экенсиң, Байбагыш болсо дурус жомокчу болуп калган экен”- деп ыраазы болот.

Тыныбектин "Манас" айтуучулук мектеби

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манасчылардын ири өкүлдөрүнүн бири, өзүнүн артынан бир топ шакирттерди өстүрүп чыгарып, анын жыйынтыгында, манасчылыктын өзүнчө бир мектебинин түптөлүшүнө себепкер болгон.Анын "Манасты" айтуудагы өзгөчөлүгү айтуучулук чеберчилигинин абдан жогору болгондугунда.
Тыныбек ХIХ кылымдагы манасчылардын көпчүлүгүнө таасир берүү менен бул өнөрдүн өзүнчө мектебин түзүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет.
Мисалы, Тыныбек өзү окуучуларым деп эсептеген Тоголок Молдо, Калыгулдан Молдобасан Мусулманкул уулу, Байбагыштан Багыш Сазан уулу, Дөңүзбайдан Мамбет Чокмор уулу таалим алышкан. Демек, кийин белгилүү манасчы, семетейчи болуп чыга келишкен Молдобасан, Багыш, Мамбеттер да өз устаттары аркылуу кыйыр түрдө Тыныбектен таасир алышкан.
Колдо бар материалдарды салыштыра келгенде аталган манасчылардын варианттары да көп жагынан бири-бирине жакындык кылып, өзүнчө мектепти түзүшөт да, «анын негиздөөчүсү же эң эле бери болгондо» аны толуктап, өркүндөтүп өзүнөн кийинкилерге өткөрүп берген «эң көрүнүктүү өкүлү» деп Тыныбек Жапый уулун атоого мүмкүнчүлүк берет (С. Мусаев. Эпос «Манас», Фр. 1979, 83-б.).
"Манас" эпосунун бүгүнкү көркөм бийиктикке жетишишине анын да кошкон салымы зор болгон.
Ал өзгөчө "Семетей" бөлүмүн зор эргүү менен айткандыгын эскерүүлөр далилдеп турат. Анын айтуусундагы "Семетейдин" бөлүмүнөн үзүндү кийин 1925-жылы араб алфавитинде Москва шаарынан басылып чыккан.
Тыныбектин аты манасчылык өнөрдүн тарыхында сыймык менен айтылат.
Анын айтуусундагы эпизоддор Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Сатар Алмамбетов тарабынан Германияда жарыяланган.

Тыныбек туурасындагы драма

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тыныбек манасчы туурасында драматург Жаныш Кулмамбетов 1992-жылы "Кагылайын, Манасым!" ("Тыныбек") аттуу драма жазып, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында режиссер Искендер Рыскулов койгон.
Бул драма менен оюнду койгон чыгармачылык топ мезгилдин образын метафоралык маанайда таасын чагылдырышкан.

Эпизоддордун кагазга түшүрүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу манасчыдан революцияга чейин үчилтик эпостун айрым эпизоддору жазылган. Тилекке каршы алар толук эмес үзүндү түрүндө кагаз бетине түшүрүлгөн. Бул жөнүндө манасчы өзү мынтип эскерген: “1898-жылы Нарын участовою “Манас” , “Семетейди” жазып бергин деп буйрук кылган. Аны жаздырып алуудагы максаты кандай экенин ачык билбегендиктен, “ Семетейден” айрым үзүндүлөрдү гана жазы, толук бергеним жок”. Ал кол жазмалардын тагдыры не болгону ачык белгилүү эмес. Бирок, кийин анын айтуусунда өзүнчө китеп болуп. Ал китеп "Семетейден бир бөлүм. Тыныбек жомокчунуку” деген ат менен 1925-жылы  Москва СССР элдеринин борбордук басмасынан жарык көргөн. Аны басмага дайардаган Э.Арабаев болгон. 184 беттен турган жөнөкөй боз мукабалуу бул китеп кара кыргыз илим комиссиясы тарабынан арап графикасы менен басылып чыккан. 1994-жылы ал китеп Р. Сарыбеков тарабынан азыркы кыргыз алфавитине транслитерацияланып кайрадан жарык көргөн.

Төкмөлүк өнөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тыныбектин төкмөлүк өнөрү да күчтүү өнүккөнүн өлөр алдында өзү айтып жүргөн “Манас” менен коштошкон төмөнкү ыры буга күбө:

Ырдасам элим кубанган,

Даңкымды элге чыгарган.

Ырыскы болуп мен үчүн,

Дөөлөткө сыйлык улаган,

Казаңдаган калың журт

КАнуучу беле кумардан.

Баатырдын атын укканда,

Бардык эл сүйүп чакырган.

Тарых сөзүн угууга

Даалайлар киши чаптырган,

Таштабай айттым сөзүмдү

Өзүм-өзүң тапшырган.

Тагдырга жакын болгон бейим,

Танып барам акылдан.

Кыргызга нускам калбады

Кыраан Манас баатырдан,

Арманым ушул калайык

Ардактуу эрди таштабай

Айтса экен элим артымдан.

Тыныбек каза болгон күнү ай туулган. Улуу манасчынын талантын жогору баалап, ыйык туткан эл бул кубулушту анын өлүмү менен байланыштырып, табияттын да аза күтүүсү катары аңыз сөз кылышкан.

Тыныбек “Манасты” көпкө айтпай калган учурларында буулугуп кетчү экен. Ал эми аны аткарган учурда, өзү эпикалык каармаандардын арасында жүргөндөй болуп, түрдүү окуяларды элестеп кетем дечүү экен. Бул анын чыгармачылык шыктанышынын канчалык күчтүүлүгүн, поэтикалык дүйнөсүнүн кеңирилгинен кабар берет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • С. Мусаев. Эпос «Манас», Фрунзе. 1979, 83-б.
    "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Жаныш Кулмамбетов. "Манас" -кыргыз элинин эпикалык театры. Ала-Тоо журналы. Бишкек, 1995, 216-бет.
    Алтынай Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү. Бишкек, "Бийиктик", 2009. - ISBN 978-9967-13-540-6.
  • Кыргыз элинин манасчылары/Кыргызпатент. Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: , 2010 – 96 б. ISBN 978-9967-26-119-8
  • Мусаев С.Эпос “Манас”, Ф.,1979.83-бет. 2. Кол жазмалар фондусу.Инв. № 222.122-бет. 3. Кол жазмалар фондусу.Инв. №1057. 511-бет. 4. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 1093. 2-бет. 5. Ушул жана кийинки текстен үзүндүлөрү Кол жазмалар фондусунан № 222-инвертарынан алынды.
  • Кыргыз адабият тарыхы Бишкек,том-2 2004-жыл.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]