Рыскулов, Искендер Муратбекович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Искендер Муратбекович Рыскулов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Искендер Муратбекович Рыскулов
Туулган жылы: 30-июнь 1941-жыл
Каза болгон жылы: 6-декабрь 2002-жыл
Туулган жери: Фрунзе шаары,Кыргызстан
Каза болгон жери: Бишкек шаары,Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: режиссер, киноактер
Наамдары:

КРнын эл артисти, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер

Рыскулов Искендер Муратбекович – режиссер, киноактер.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

И.Рыскулов СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун тун уулу.
Мектепти Фрунзе шаарында орусча окуган. Ушул эле шаарда орто мектепти аяктаган соң И. Рыскулов Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, 1962-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунун “Драма жана кино актеру” факультетине тапшырып, кыргыз студиясында окуган. И.Рыскуловдун курсташтарынын арасында атактуу “Соң-Көл чүрөгү” Таттыбүбү Турсунбаева бар.
1966-жылы институтту аяктап келгенден кийин бир жылча Кыргыз мамлекттик драма театрында артист болуп эмгектенген.
1967-жылы И.Рыскулов кайрадан окуусун улантат. Бул ирээт Москва шаарындагы А.В.Лунарчарский атындагы ГИТИСтин режиссердук факультетине өтөт.
Окуусун 1972-жылы аяктап, дароо эле жаңыдан ачылган Ош кыргыз драма театрына режиссер-коюучу болуп кызматка кирет. 1976-жылдан тартып ушул эле театрдын башкы режиссерлугунун кызматын аткарат.
Ош Кыргыз драма театрында 12 жыл эмгектенген соң, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына башкы режиссер болуп дайындалат. 1989-жылы башкы режиссерлуктан түшүрүлүп, өмүрүнүн акырына чейин аталган театрда режиссер-коюучу болуп кызмат өтөйт.

Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

И.Рыскуловдун Ош кыргыз драма театрыннын сахнасында койгон, алгачкы “Эч кимге айтпа” (авт.Т.Абдумомунов) спектаклинен тартып эле кыргыз театр режиссурасына чыгармачылык фантазияга бай, метафоралык образдуулуккка умтулган, ушунусунан улам эч кимдикине окшобогон өз жүзү бар, мурдагы режиссерлор сыңары адабий түп нускага көз каранды болбогон, жалаң гана театрдын “тили” менен ойлогон таланттуу инсандын кошулганы айгине болгон.
Ушундан тартып И.Рыскулов областтык театрдын сахнасында ондонгон мыкты спектаклдерди жаратты.
Ал койгон “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” (Ч.Айтматовдун повесттеринин негизинде сахналыштырган), “Жүз катын” (авт.Б.Өмүралиев), “Кадыр түн”, “Күнөстүү арал” (авт. М.Гапаров), “Кам санаба, апаке!” (авт.Н.Думбадзе), “Он экинчи түн”, “Гамлет”, “Ричард III” ж.б. спектакледери И.Рыскуловду Советтер Союзунун Ю.Любимов, Г.Товстоногов, А.Эфрос, М.Захаров, Р.Стуруа, Э.Някрошюс, Ф.Касымов сыяктуу онго жетпеген мыкты театр режиссерлорунун катарына кошту. И.Рыскуловдун Ош кыргыз драма театрында 1982-жылы койгон “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” спектакли, Жаштар театрларынын Тбилисиде өткөн Бүткүлсоюздук фестивалында өтө жогору баага татыган. Айрыкча Д.Байдөбөтовдун Органы актердук өнөрдүн үлгүсү катары бааланган.
Ош театрынын ошол мезгилин “Искендер Рыскуловдун доору” деп атоо чындыкка жакын келет. Эмне дегенде, анын ошол учурдагы ар бир койгон спектакли Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Советтер Союзунун театр журтчулугунун ичинде маданий окуяга айланып, анын оюндарын көрүү үчүн Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Киев шаарларынан, Балтика боюндагы өлкөлөрдөн театр адистери тынымсыз Ошко каттап турушкан.
И. Рыскулов ошол мезгилдеги кыргыз режиссерлоунун ичинен биринчи жолу Советтер Союзунун башка республикаларында жана айрым социалисттик мамлекеттерде да алардын чакыруусу менен бир кыйла оюндарды койгон.
Ош драма театрындагы И.Рыскуловдун чыгармачылыгын туу чокусу катары В.Шекспирдин “Ричард III” трагедиясы боюнча коюлган спектакль айтылат.
Ушул эле спектаклди ал Кыргыз академиялык драма театрына да көчүрүп, ошол эле чыгармачылыл ийгилигинен кем калбаган оюн жараткан.
Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында “Жаныбарым, Гүлсары!”, “Кылым карыткан күн”, “Саманчынын жолу” (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде), “Саадак какты” (авт.Б.Жакиев), “Акын жана Ажал” (авт.К.Мамбетакунов), “Курманжан-датка” (авт.М.Жакыпов), “Дөңгөлөк доошундагы турмуш” (А.Куросаванын сценарийинин негизинде), “Кагылайын, Манасым!” (авт.Ж.Кулмамбетов) сыяктуу чыгармачылык бедели өтө жогору спектаклдерди жаратты. Айрыкча “Акын жана Ажал”, “Дөңгөлөк доошундагы турмуш” спектаклдерин 1980-жылдардын ичиндеги И.Рыскуловдун эң жогорку чыгармачылык ийгиликтери катары баалоого болот.
Ал эми “Кылым карыткан күн” спектакли 1988-жылы Москвадагы Улуттар театрынын ачылыш аземине катышуу укугуна ээ болгон.
И.Рыскуловдун чыгармачылыгынын акыркы этабындагы жетишкен ийгилиги катары “Кагылайын, Манасым!” спектаклин көрсөтүү абзел. Бул спектакль 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата уюштурулган театр фестивалында Баш байгени жеңип алып, 1996-жылы түрк тилдүү элдердин эларалык “Туганлык” театр фестивалында төрт башкы номинациянын бирин утууга жетишкен.
И.Рыскуловдун өмүрүнүн соңку жылдарындагы масштабдуу оюндарынын бири, атайын Болот Бейшеналиев үчүн сахналаштырган “Король Лир” спетакли (авт.В.Шекспир).
И.Рыскулов жетишкен чыгармачылык ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына ээ болгон.
И.Рыскулов кыргыздын улуттук театр режиссурасын жаңы бийиктикке чыгарган новатор. И.Рыскуловдун жалпы чыгармачылыгына баа берип келип, Ж.Кулмамбетов “Искендер Рыскулов ким: генийби же формалистпи?” жеген макаласында аны “режиссер-символист” деп мүнөздөгөн.

Сыйлыктары жана наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты
Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери
Кыргыз эл артисти
М.Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреты

Койгон спектаклдери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда

Т.Абдумомунов, “Эч кимге айтпа”.
Т.Абдумомунов, “Чолпонбай”.
Өмүралиев Бакы, “Мен билем, тоолор билет”.
Б.Өмүралиев, “Жүз катын”.
М.Горький, “Түпкүрдө”.
М.Гапаров, “Кадыр түн”.
М.Гапаров, “Күнөстүү арал”.
Ч.Айтматов, “Ак кеме”.
Ч.Айтматов, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”.
Ч.Айтматов, “Жаныбарым, Гүлсары!”
Ч.Айтматов, “Кылым карыткан күн”.
Ч.Айтматов, “Саманчынын жолу”.
М.Байжиев, “Байыркы жомок”.
Б.Жакиев, “Жолугушуу”.
Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”.
Б.Жакиев, “Саадак какты”.
Б.Жакиев, “Атанын тагдыры”.
У.Шекспир, “Он экинчи түн”.
У.Шекспир, “Гамлет”.
У.Шекспир, “Ричард III”.
У.Шекспир, “Ромео менен Жульетта”.
У.Шекспир, “Король Лир”.
Н.Думбадзе, “Кам санаба, апаке!”
М.Жакыпов, “Курманжан-датка”.
Ж.Садыков, “Эрик таңы”.
А.Фадеев, “Жаш гвардия”.
К.Акматов, “Ажырашуу түнү”.
К.Мамбетакунов, “Акын жана Ажал”.
Акира Куросава, “Дөңгөлөк доошундагы турмуш”.
Ж.Кулмамбетов, “Чынгыз хандын купуя сыры”.
Ж.Кулмамбетов, “Кагылайын, Манасым!”
Ж.Кулмамбетов, “Жөн эле Майраш”.
Ж.Кулмамбетов, “Өмүр бизден өтүп кетсе…”
Ш.Абдыраманов, “Домоктун кылычы”
С.Сарыгулов, “Убалым уктатпасын!”

Казакстанда
Кылым карыткан күн (авт. Ч.Айтматов)
Абай (авт. М.Ауэзов)

Эстонияда
Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт (авт. Ч.Айтматов)

Венгрияда
Жамиля (ав. Ч.Айтматов)

Саха-Якутияда
Жаңы келин (авт. М.Тойбаев)

Өзбекстанда
Ашырбай (авт. Т.Абдумомунов)

Тажикстанда
Кыямат (авт. Ч.Айтматов)

Тоолуу Алтайда
Жаныбарым, Гүлсары! (авт. Ч.Айтматов)

Москвада
Жолугушуу (автор. Б.Жакиев)

Кинодо аткарган ролдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Эрке бала – “Ак Мөөр” кинофильми.

Колдош – “Уркуя” кионфильми.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Сарман Асанбеков, “Машакаттуу бийиктик”, Ф., Кыргызстан, 1986.
  • Ж.Кулмамбетов, “Чыгармачылыктын парадоксу” ж.б. макалалары. Аталган автордун “Театр дүйнөсүндө” китебинен, Ф., “Кыргызстан”, 1987.
  • Жаныш Кулмамбетов, “Искендер Рыскулов ким: генийби же формалистпи?”, “Жаштык жарчысы”, 07.1991.
  • Жаныш Кулмамбетов, “Кумирлер кантип өлүшөт”, “Кыргызстан маданияты”, 15.08.1991.
  • Жаныш Кулмамбетов, “Дервиш в интерьере Смерти”, “RES PUBLICA”, 14.01.1994.
  • Жаныш Кулмамбетов, “Автор театральной эры”, “Слово Кыргызстана”, 05.07.2011.
  • Жаныш Кулмамбетов, “Искендер Рыскуловдун феномени - кумир менен жек көрүүнүн ортосу...”, “Замандаш” журналы, №4, 2012.
  • А.Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү. Бишкек, Бийиктик, 2009. ISBN 978-9967-13-540-6.

Интернет шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

[1] [2] [3] [4] [5] [6] [7]

<br <br <br