Жаныш Кулмамбетов

Википедия дан
Ж.Кулмамбетов‎»‎ барагынан багытталды)
Жаныш Кулмамбетов
Туулган датасы:

1 -январь 1955(1955-01-01) (69 жаш)

Туулган жери:

Миң-Булак айылы, Нарын району, СССР, (Кыргызстан)

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Кесиби:

драматург, театр жана кино режиссеру, театр таануучу жана театр сынчысы, журналист, котормочу, публицист

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Жаныш Осмонович Кулмамбетовдраматург, театр таануучу жана театр сынчысы, котормочу, журналист, театр жана кино режиссеру, публицист.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаныш Кулмамбетов Тянь-Шань районунун Миң-Булак айылына караштуу Кичи-Кара-Кужур аймагында 1955-жылы 1-январда туулган.

1972-жылы ошол эле айылда В.В.Куйбышев атындагы орто мектепти бүтүргөн.
1972–1974-жж. Фрунзе шаарындагы Кыргыз драма театрынын алдындагы 2 жылдык театралдык студияда, 1975–1982-жж. Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык көркөм институттун театр таануу бөлүмүндө окуган.
Эмгек жолун 1982-жылдан баштап, 1985-жылга чейин "Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, 1985–1988-жж. Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору, 1988–1999-жж.
Кыргыз Театр ишмерлер союзунун төрагасынын биринчи орунбасары жана ага караштуу Театралдык искусство жана социология борборунун жетекчиси, 1989–1992-жж. Москва шаарындагы Бүткүл союздук искусство таануу илимий-изилдөө институтунун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты.
1992–1993-жж. «Жайсаң» менчик театрынын уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси, 1993–1996-жж. Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрына караштуу театр окуу жайында, Бишкек шаарынын жогорку милициялык мектебинде окутуучу, 1995–1996-жж. «Нуска» гезитинин, 1996–1997-жж. «Асаба» гезитинин кабарчысы болуп иштеген.
Культурология кандидаты.
1997-жылдан «Кыргыз Караван», «Кыз-жигит», «Адабий гезит», «Сен жана мен», Укмуштуу окуялар гезиттеринин негиздөөчүсү жана башкы редактору, 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиосунун «Айтса-айтпаса төгүнбү» телекөрсөтүүсүнүн баяндамачысы, 2005-жылы: «Адеми» улуттар театрын уюштуруучусу жана жетекчиси, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун биринчи вице – президенти, Кыргыз драматургдары менен театр сынчыларынын союзунун президенти, 2006-жылдан тартып «Манас» радиосунун «Театр дүйнөсү» берүүсүнүн автору жана алып баруучусу, ЮНИСЕФ менен Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын биргелешкен, билим берүүчү «Керемет көч» эларалык теледолбоорунун редактору, 2007-жылы Кыргыз улуттук киностудиясынын башкы редактору.
2013-жылдын 25-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер Союзунун президенти.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 70тен ашык пьесанын автору. Алардын 80%ы Кыргыз Республикасынын профессионалдык театрларында коюлуп, айрымдары республикалык жана эларалык фестивалдарда лауреаттык наамдарга ээ болгон.
Казакстан, Тажикстан театрларында "Биз экөөбүз" (Астана, Zahna театры), "Эсенсиңби, есаул?!." (Астана, "Жастар" театры), "Исповедь шахидки" ("Ман - котилам!..", Куляб), «Жүрөктөгү от» (Душанбе, В. Маяковский атындагы Тажикистан мамлекеттик орус драма театры, Астана, "Жастар" театры), «Чөл үстүндө ошол эски ыр калды» драмалары коюлган (Асатана, "Жастар" театры). Душанбе шаарында "Ман - котилам!.." деген ат менен пьесалар жыйнагы чыккан.

Кулмамбетов Жаныш чыгармачылыгын балдар драматургу катары баштаган. Анын калемине жыйырмага жакын балдар үчүн жазылган пьесалар таандык.
Анын драматургиясында кыргыз элинин улуу жана атактуу инсандарынын өмүрүнө арналган бир нече пьесалар бар: Кагылайын, Манасым! (Тыныбек манасчы тууралуу), "Таня... Таня... Таттыбүбү" (Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө), "Чынгыз менен Бүбүсайра" (Чынгыз Айтматов менен Бүбүсайра Бейшеналиеванын драмалуу махабаты)[1] [2](жеткиликсиз шилтеме), "Өмүр бизден өтүп кетсе..." (Коомдук жана мамлекеттик ишмерлер Роман жана Эркинбек Матыевдердин таржымалынан), "Талант жана тагдыр" (Бакен Кыдыкеева туурасында)[3].
Режиссер катары 20 га чукул спектакль койгон, 20 толук метраждуу көркөм фильм, 4 документалдуу, 1 кыска метраждуу тасмаларды тарткан.
«Жалгыз Турна», «Кандуу сүйүү» ж.б. киноповесттеринин жана «Бейтааныш арбак» аттуу роман-триллердин «Баатыр Манас баяны» көп сериялуу көркөм фильминин сценарийинин автору (ишке ашырылбай калган Кыргыз-Кытай долбоору).
Театр таануу жана театр сыны жаатында "Советбек Жумадыловдун эки тагдыры", "Пушкин актёр или нарратор?.. О двух моделях мирового театра киргизов и а многом другом...", "Кыргыз театрынын тарыхы", "Арт-Ордонун сабактары", "Кыргыз театры", ""Режиссер Бообек Ибраев", "Аккуу болуп асманда ай баратат" монографияларын, 150гө чукул макала, рецензия, чыгармачылык портреттерди жазган.
2006-2010 – жылдардын ичинде Ж.Кулмамбетов Кыргызстандагы бөбөктөрдүн эң популярдуу көрсөтүүсү болгон “Керемет көч” телесериалынын жаратууга түздөн-түз катышып, 440 сериясын кыргызчалатып, кыргыз балдарына тартуулаган.
Дүйнөлүк классикалык жана азыркы драматургдар: Ж.Б. Мольер, Дж.Верга, Оскар Уйальд, С. А. Найденов, Сэмюэл Беккет, Вуди Аллен, В.Розов, Ч.Айтматов, А.Балакаев, А.Цуканов, А.Володин, Тажи Мухаммад, Лутц Хюбнер ж.б пьесаларын кыргызчага которгон.
1982-жылдан Театралдык ишмерлер, 1991-жылдан Жазуучулар, 1986-жылдан Журналисттер союздарынын мүчөсү.

Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (2021)

Ж.Кулмамбетов
Ж.Кулмамбетов

"Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын төрт ирээт лауреаты.

Алтын кумара - (2018-жылы өткөрүлгөн драмалардын республикалык конкурсунун жеңүүчүсү).

  • 1916-жылы Тарых жана маданият темасына арналган драмалардын республикалык конкурсунда "Кагылайын, Манасым! -2" драмасы жеңүүчү болгон.[4]
  • 1916-жылы Үркүн темасына арналган драмалардын республикалык конкурсунда "Осмон менен Ольга" драмасы жеңүүчү болгон.[5]
  • Сарман Асанбеков атындагы сыйлыктын лауреаты -2013-жыл.
  • "Азия-2012" - Азия элдеринин жомоктору, легендалары жана эпосторунун негизинде жазылган киносценарийлердин эларалык конкурсунун 1-сыйлыгынын жеңүүчүсү;
  • Айтматов эларалык сыйлыгынын лауреаты ("Чынгыз менен Бүбүсайра" драмасы жана спектакли үчүн) - 2008-жыл.
  • Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын ээси ("Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн" драмасы үчүн) - 2007-жыл.
  • Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер - 1995-жыл. (Указ президента Кыргызской Республики о присвоении почетных званий«Заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики» работникам культуры», от 31 октября 1995 года, N 287) [6].
  • «Манас-1000» юбилейлик медалынын ээси ("Кагылайын, Манасым!" драмасы үчүн) - 1995-жыл.
  • Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын ээси ("Майраш" пьесасы үчүн) - 1993-жыл.
  • Республикалык «Жылдын мыкты сынчысы» сынактарынын бир нече жолку жеңүүчүсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз, орус тилдеринде

  • Режиссер Бообек Ибраев: Монография. – Б.,Принт-Экспресс 2015. – 169 б.
  • Бейтаныш арбак: Роман-триллер. – Б.: Техник, 2005. – 144 б. 9967-22-633-1(жеткиликсиз шилтеме)
  • Жылдыздар жерде жашашат: Баяндар. – Б., 1997. – 112 б.
  • Кереметтүү дүйнө: Жомок-пьесалар. – Ф.: Адабият, 1990. – 126 б.
  • Ак-куу болуп асманда ай баратат: (Т.Турсунбаева тууралуу көркөмдөлгөн адабий публицистикалык чыгарма) – Б.: Кыргызтеатр, 1990. – 63 б.[7] Archived 2021-01-17 at the Wayback Machine
  • Театр дүйнөсүндө: Шык ажары. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 168 б.

Тажик тилинде

  • Ман - котилам!..Пьесалар жыйнагы Д.:Истеъдод, 2011. -166 б.

Пьесалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жаңыбай-манасчынын аяндары (2022-жыл)
  • Бул жердин таңы бейкут (2020-жыл), Б. Васильевдин "А зори здесь тихие" повестинин мотивдеринин негизинде жазылган, 2020 – жылы Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын театр окуу жайында коюлган.
  • Кандуу (2020-жыл).
  • Айдың көлдүн аңыздары (2019-жыл), Ж. Сейдакматованын сунушу менен жазылган.
  • Алай жолборсу (2019-жыл).
  • Сур эчкинин каргышы (2018-жыл), "Туңгуч" театрында коюлган, 2019-жылы "Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын "Эң мыкты улуттук пьеса" номинациясынын жеңүүчүсү.
  • Түнкү кат - (2018 - жыл)
  • Осмон менен Ольга - (2016 - жыл,Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган драмалардын республикалык конкурсунун жеңүүчүсү).
  • Кагылайын, Манасым!-2 - (2015 - жыл, 2016-жылы "Тарых жана маданият" жылына карата өткөрүлгөн драмалардын республикалык конкурсунун жеңүүчүсү).
  • Японочка - (2015 - жыл).
  • Кыздардын өчү - (2014 - жыл).
  • Тоолук кыз - (2014 - жыл).
  • Бал ханышасы - (2013 -жыл).
  • Америкалык келин - (2013 -жыл).
  • Алтын кумара - (2012 -жыл. 2018-жылы өткөрүлгөн драмалардын республикалык конкурсунун жеңүүчүсү).
  • Мекенимдин ташы - (2012 - жыл. Азия элдеринин жомокторунун, легендаларынын, эпосторунун негизинде жазылган сценарийлердин жана пьесалардын "Азия-12" эларалык конкурсунун 1-орунунун жеңүүчүсү).
  • Мокочодон коркпо - (2012-жыл) - 2012-жылы “Адеми” улуттар театрында коюлган.
  • Үч бир тууган жана перизат - (2011-жыл) ж.б.
  • Волшебник и пес - - (2011-жыл) –2011-жылы “Адеми” улуттар театрында коюлган.
  • Серый волк и козлята (эл жомокторунун негизинде)- (2011-жыл) -2011-жылы “Адеми” улуттар театрында коюлган.
  • История шахидки - (2011-жыл) - 2011 - жылы Тажикистанда басылган “Ман - котилам!..” пьесалар жыйнагына кирген. 2013-жылы Тажикстандагы Куляб театры сахналаштырды.
  • Алай ханышасы- (2011-жыл) – 2011-жылы Чүй драма театрында жана “Адеми” улуттар театрында коюлган.
  • Тили каткан адам - (2010-жыл).
  • Шамал, шамал жулба, ыйлатып - 2010 -жыл. Адеми улуттар театрында коюлган.
  • Ал шаардан келгенде - (2010-жыл) - 2010-жылы “Адеми” улуттар театрында коюлган.
  • Сырдуу үңкүр- (2009-жыл).
  • Улуу тоонун онтоосу - (2008 - жыл) – “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Курманбек - (2008 - жыл).
  • Эсиңе кел, Жоломан! - (2008 - жыл) – “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Ипархан–Сянь-Фэй - (2008 - жыл) – 2008 – жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрынын артисттери менен коюлган; “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Жаңы саякат - (2007-жыл).
  • Ааламат келген күн (2007-жыл) - 2011-жылы Ысык-Көл театрында коюлган; “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында "О – о, улуу Аметэрасу, Антигонуну сакта!" деген ат менен жарык көргөн.
  • Күүгүмдөгү кишилер - (2007-жыл) - “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Түштүктүк кыз - (2007-жыл).
  • Жаза (Эшафот) - (2007 - жыл) – “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Хан Жакып (Манастын төрөлүшү) - (2007 - жыл) – “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Аксыдагы атуу же Боспиектеги каран түн - (2006 - жыл) – 2007 – жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрында коюлган; “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Эсенсиңби, есаул?! -( 2006-жыл) - “Ты жив, есаул?! деген орусча варианты” 2010-жылы КМШ (СНГ) замандаш драматургдарынын пьесаларынын “Реаблитация настоящего” фестивалдык жыйнагына кирген, Ереван); “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Ошол түнү - (2006 - жыл) – 2007 – жылы Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын театр окуу жайында коюлган.
  • Биз, экөөбүз - (2005 - жыл) -2008-жылы Ысык-Көл драма театрында коюлган; “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн. 2013-жылы Алай драма театрында коюлду.
  • Канат менен Зарина - (2005 - жыл) – 2005 – жылы Кыргыз мамлекеттик “Учур” телетеатрында, Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрында коюлган; “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Талант жана тагдыр - (2004 - жыл) – 2004 – жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрында коюлган; “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Өмүр бизден өтүп кетсе… - (2002 - жыл) – 2002 – жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрында коюлган, 2006-жылы “Жарык төккөн ай жигит” китебине кирген.
  • Чөл үстүндө ошол эски ыр калды -(2000 - жыл) – 2001 – жылы Казакстандын "Мен" жаштар театрында жана 2009-жылы Астанадагы Жаштар театрында коюлган.
  • Кызыл топу (Ш.Перонун жомогунун негизинде жазылган пьеса) – 2000-жылы “Адеми” театрында коюлган.
  • Чыңгыз менен Бүбүсайра - (1998 - жыл) – 2005 – жылы Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрында коюлган, 2011 жылы Тажикистанда басылган “Ман котилам!..” пьесалар жыйнагына кирген; “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза-Саломея! - (1996 - жыл) – 1997– жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында, 2003 – жылы “Адеми” театрында, 2007 – жылы Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрында коюлган; “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Таня... Таня... Таттыбүбү (1994-жыл) - 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында даярдалып жатып, токтотулган.
  • Жөн эле Майраш -(1993 - жыл) – 1993 – жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган.
  • Кагылайын, Манасым! (1991 - жыл) – 1992 – жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган, 2002-жылы калыбына келтирилген.
  • Умай эненин кызы (1990- жыл) -“Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Жүрөктөгү от(Чыңгыз хандын купуя сыры) -(1990- жыл) - 1990 – жылы “Тунгуч” театрында, 2001-жылы Казак мамлекеттик академиялык Г. Мусрепов атындагы жеткинчектер театрында, 2006 – жылы Душанбедеги Тажик мамлекеттик В.В. Маяковский атындагы орус драма театрында, 2009-жылы Астанадагы Жаштар театрында коюлган, 2011 жылы Тажикистанда басылган “Ман котилам!..” пьесалар жыйнагына кирген; “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) сайтында жарык көргөн.
  • Мунабия (К.Акматов менен бирдикте жазылгын) -(1987 - жыл) – 1988 – жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган.
  • Манас, Манас болгону… -(1988 - жыл) - 1994 – жылы Ысык-Көл драма театрында коюлган.
  • Бумеранг - (1986 - жыл) - 1987 – жылы Ысык-Көл драма театрында коюлган.
  • Бечера менин жомогум -(1986 - жыл).
  • Алп бала (Бир тууган Гриммдердин чыгармасынын негизинде)-(1983 – жыл)- 1983 – жылы кыргыз радиосунда уктурулган.
  • Кереметтүү дүйнө - (1979 – жыл)-1980 – жылы кыргыз радиосунда уктурулган, 1985 – жылы Кыргыз Республикалык куурчак театрында коюлган, 1990-жылы «Кереметтүү дүйнө» пьесалар жыйнагына кирген.
  • Көк кулун - (1979 – жыл) -1979 - жылы Кыргыз радиосунда,1981-жылы Каракалпак радиосунда уктурулган, 1990-жылы «Кереметтүү дүйнө» пьесалар жыйнагына кирген.
  • Чардагыла, бакалар! (1979 - жыл).
  • Биздин Телибай - (1979 - жыл) - 1979 – жылы кыргыз радиосунда уктурулган, 1984 – жылы Жумгал куурчак театрында коюлган, 1990-жылы «Кереметтүү дүйнө» пьесалар жыйнагына кирген.
  • Мамалак - (1978 - жыл) - 1978 – жылы кыргыз радиосуда уктурулган.
  • Мен сизге мышык алып келдим - (1978 - жыл) - 1978 – жылы кыргыз радиосунда уктурулган.
  • Корукчу - (1978- жыл) - 1978 – жылы кыргыз радиосунда уктурулган.
  • Манекендер - (1978- жыл).
  • Жашасын, жомок! - (1977 - жыл) - 1977 – жылы кыргыз радиосунда уктурулган, 1984 – жылы Кыргыз Республикалык куурчак театрында коюлган, 1990-жылы «Кереметтүү дүйнө» пьесалар жыйнагына кирген.
  • Уурдалган от - (1977- жыл), 1977 – жылы кыргыз радиосунда уктурулган, 1984 – жылы Кыргыз Республикалык куурчак театрында, 1997 – жылы Ысык-Көл драма театрында коюлган, 1990-жылы «Кереметтүү дүйнө» пьесалар жыйнагына кирген.

Спектаклдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кошалактагы окуя - 2016 -жыл. Чүй театры
  • Не бойся Мокочо - 2012 -жыл. Адеми улуттар театры
  • Волшебник и пес - 2011 -жыл. Адеми улуттар театры
  • Алай ханышасы - 2011-жыл. Чүй драма театры.
  • Шамал, шамал жулба, ыйлатып - 2010 -жыл. Адеми улуттар театры.
  • Ал шаардан келгенде - 2010-жыл. Адеми улуттар театры.
  • Менин сырым - 2009–жыл. Адеми улуттар театры.
  • Ипархан – Сянь-Фэй - 2008–жыл. Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрынын сахнасында.
  • Каргыш тийсин, сага – Жаңыл Мырза! - 2007–жыл. Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театры.
  • Аксыдагы атуу, же Боспиектеги каран түн - 2007-жыл. Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театры.
  • Ошол түнү - 2006-жыл. Адеми улуттар театры.
  • Чыңгыз менен Бүбүсайра - 2005-жыл. Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театры.
  • Кандуу сүйүү - 2003-жыл. Адеми театры, орус тилинде.
  • Арык чапкандардын ыры - 2000-жыл. Адеми театры.
  • Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза - Саломея! - 1997-жыл. Кыргыз улуттук академиялык драма театры.
  • Анекдоттуу телефон - 1992-жыл.Жайсаң театры.

Фильмдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сагындык: уламышка айланган өмүр - 2021 - жыл (док. фильм).
  • Америкалык келин - 2019-жыл.
  • Сен экөөбүз - 2018-жыл.
  • Манастын бала чагы - 2016 - жыл (анимациялык фильм).
  • Японочка - 2015 - жыл.
  • Аиданын бийиктиги - 2015 - жыл (док. фильм).
  • Кыздардын өчү - 2015 - жыл.
  • Жапайы селки - 2014-жыл.
  • Коркунучтуу капчыгай - 2014-жыл.
  • Мырзабек Тойбаевдин жылдызы - 2013-жыл (док.фильм).
  • Курорттогу комедия - 2013-жыл.
  • Камикадзе-психи - 2013-жыл.
  • Күйөө балам - водовоз - 2013-жыл.
  • Жараланган турналар - 2 - 2012-жыл.
  • Сенин тилиң - Манастын тили (кыска метраждуу фильм) - 2012-жыл.
  • Побег блудной девочки - 2012-жыл.
  • Бейтааныш арбак (Каргыш) - 2012-жыл.
  • Кыз-жигит - 2011-жыл.
  • Токолдор тополоңу - 2011–жыл.
  • Мен сага ишенем - 2011–жыл.
  • Жараланган турналар - 2010-жыл.
  • Кандуу сүйүү -2 - 2009-жыл.
  • Чыңгыз менен Бүбүсайра - 2008–жыл.
  • Ипархан – Сянь-Фэй -фильм-спектакль - 2008–жыл.
  • Кандуу сүйүү - 2007–жыл.[8](жеткиликсиз шилтеме)

Сценарийлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чолпонбай - (2023-жыл)
  • Жаңыл Мырза - (2021-жыл)
  • Сүймөнкул - (2020-жыл)
  • Америкалык келин - (2019-жылы тартылган)
  • Сен экөөбүз - (2018-жылы тартылган).
  • Манастын бала чагы - (52 серия, бир сериясы 2016-жылы тартылган).
  • Японочка - (2015-жылы тартылган).
  • Кыздардын өчү - (2014 - жыл, 2015-жылы тартылган).
  • Жапайы селки, же тоолук кыз - (2014 - жыл, 2014-2015-жылдары тартылган).
  • Коркунучтуу капчыгай - (2014 - жыл, 2014-жылы тартылган).
  • Бал ханышасы - (2013 - жыл).
  • Америкалык келиндин Кыргызстандагы жоруктары - (2013 - жыл).
  • Курорттогу комедия же Омор менен Мирбектин окуялары - (2013 - жыл, 2013-жылы тартылган).
  • Жараланган турналар - 2 - (2012 - жыл, 2012-жылы тартылган).
  • Кызымдын ханзадасы - (2012 - жыл, 2013-жылы "Күйөө балам - водовоз" деген ат менен тартылган).
  • Таня...Таня... Таттыбүбү - (2012 - жыл).
  • Камень моей Родины - (2012 - жыл, 2012-жылы Азиянын мифтеринин, легендаларынын, жомокторунун жана баатырдык эпосторунун мотивдери боюнча жазылган сценарийлердин Эларалык конкурсунда 1-орунду алган).
  • Сенин тилиң - Манастын тили - (2012 - жыл, 2012-жылы тартылган).
  • Побег блудной девочки - (2011 - жыл, 2012-жылы тартылган).
  • Бейтааныш арбак - (2006 - жыл, 2012-жылы "Каргыш" деген ат менен тартылган).
  • Кыз-жигит - (2011-жыл, ошол эле жылы тартылган).
  • Токолдор тополоңу - (2011–жыл, ошол эле жылы тартылган).
  • Мен сага ишенем - (2011–жыл, ошол эле жылы тартылган).
  • Жараланган турналар - (2010-жыл, ошол эле жылы тартылган).
  • Сен экөөбүз - (2009 - жыл, 2018-жылы тартылды).
  • Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн - (2009–жыл).
  • Кандуу сүйүү -2 же сен Саломея эмессиң! - (2009-жыл, ошол эле жылы тартылган).
  • Үмүтүмдүн пезди (Бишкектеги окуя) - (2008–жыл).
  • Ипархан – Сянь-Фэй - (2008–жыл, ошол эле жылы фильм-спектакль болуп тартылган).
  • Чыңгыз менен Бүбүсайра - 2008–жыл, ошол эле жылы тартылган.
  • Осмон менен Ольга - (2007-жыл).
  • Баатыр Манас - (2004–жыл, Кыргыз-Кытай биргелешкен долбоорунун негизинде сунушталган 20 сериялуу киносериал үчүн жазылган).
  • Соң - Көлдөгү атуу - (1991–жыл).
  • Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза! - (1991–жыл, 2007-жылы "Кандуу сүйүү" деген ат менен тартылган).
  • Жалгыз турна - (1991–жыл).

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чехов А.П. "Үйлөнүү тою" - (2015-жыл) - 2015-жылы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театр окуу жайында коюлган.
  • Вуди Аллен. Өлүм - (2014–жыл)
  • Лутц Хюбнер. Куру намыс - (2010–жыл) - 2010 - жылы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында коюлган.
  • Керемет көч - (2006-2010-жылдар, 440 серия) - 2006-2010 – жылдары КТРде көрсөтүлгөн.
  • Сэмюэл Беккет. Крепптин акыркы тасмасы - 2010–жыл.
  • Тажи Мухаммад. Адам сатуу(Түнкү көпөлөктөр) - 2010–жыл.
  • Ч. Айтматов. Чыңгыз хандын ак булуту - 2007-жыл - 2008 - жылы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында коюлган.
  • Оскар Уйальд. Саломея - 1993 - жыл.
  • А.Володин. Кош жебе - 1993 - жыл.
  • Дж.Верга. Бөрү канчык -(1992-жыл) - 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында коюлган.
  • В.Розов. Кожоюн - 1983-жыл.
  • А.Цуканов. Эң амалкөй жомок -( 1980 - жыл) - 1980 – жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институттун кыргыз студиясында коюлган.
  • С. А. Найденов. Ванюшиндин балдары - (1979–жыл) - 1978 – жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институттун кыргыз студиясында коюлган.
  • Ж.Б. Мольер. Скапендин жоруктары - (1978–жыл)- 1978 – жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институттун кыргыз студиясында коюлган.
  • Ж.Б. Мольер. Обу жок ойсокелер 1978–жыл.
  • А.Балакаев. Эненин жүрөгү - (1977-жыл)- 1977–жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институттун кыргыз студиясында, 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, 1980-жылы Ош кыргыз драма театрында коюлган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу. Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998, 271-272-беттер. - ISBN 5-89750-100-9.
  • А.Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү, Бишкек, Бийиктик, 2009, 3-5-беттер, 43-59-беттер. - ISBN 978-9967-13-540-6.
  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары, Бишкек, 2008, 353-354-беттер. - ISBN 978-9967-25-111-3
  • Ман - котилам!.. Душанбе, Истеъдод, 2011.
  • Жаныш Кулмамбетов. Манас – кыргыз элинин эпикалык театры, Бишкек, Ала-Тоо журналы, Кыргыз руху-Манас, 1995, 209-221-беттер.
  • Жаныш Кулмамбетов. Кыргызда театр болгонбу? Бишкек, Ала-Тоо журналы, №12,1991.
  • Арашан (драматургиялык жыйнак), Фрунзе, Адабият, 1989. 3-5-беттер.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[9] [10] Archived 2019-04-12 at the Wayback Machine [11](жеткиликсиз шилтеме) [12](жеткиликсиз шилтеме) [13](жеткиликсиз шилтеме) [14](жеткиликсиз шилтеме) [15](жеткиликсиз шилтеме) [16] [17](жеткиликсиз шилтеме) [18] Archived 2012-09-10 at WebCite [19] Archived 2016-08-11 at the Wayback Machine [20](жеткиликсиз шилтеме) [21](жеткиликсиз шилтеме) [22](жеткиликсиз шилтеме) [23] [24] Archived 2016-03-03 at the Wayback Machine [25](жеткиликсиз шилтеме) [26](жеткиликсиз шилтеме) [27](жеткиликсиз шилтеме) [28] [29] Archived 2016-03-10 at the Wayback Machine [30](жеткиликсиз шилтеме) [31] Archived 2016-03-09 at the Wayback Machine [32](жеткиликсиз шилтеме) [33](жеткиликсиз шилтеме) [34](жеткиликсиз шилтеме) [35] [36] Archived 2016-03-09 at the Wayback Machine [37](жеткиликсиз шилтеме) [38] [39]