Жапы уулу Тыныбек

Википедия дан

Жапы уулу Тыныбек - (1846–1902) - манасчы 1846-жылы Ысык-Көлдүн “Кайнар” деген айылында туулган. Манасчы бугунун тынымсейит уруусунан болгон. Манасчылардын ири өкүлдөрүнүн бири, өзүнүн артынан бир топ шакирттерди өстүрүп чыгарып, анын жыйынтыгында, манасчылыктын өзүнчө бир мектебинин түптөлүшүнө себепкер болгон.

Тыныбек шакирттерин дайым өзү менен ала жүрчү экен. Андан таалим алган Тоголок Молдо, Сагымбай, Калыгул, Байбагыш, Деңизбайлар (Дөңүзбайлар) өз мезгилинде белгилүү манасчылардан болгон. Андан кийинки Молдобасан, Багыш, Мамбет өңдүүлөр да Тыныбектин шакирттеринен үлгү алып, манасчылыктын Тыныбек мектебин түптөөчүлөрдөн болуп калган десек болот.

Тыныбек 18 жашка келип калган учурунда Караколго баратып, Бир-Булак деген жердеги эки-үч түтүн жатакчылардын үйүнө түшүп калат. Түнкүсүн билген ырын ырдап берип, жатакчылардын көңүлүн ачат. Түн ортосу болуп калганда эшикке чыгып, атынын жанына жатып уктап кетип, түш көрөт. Түшүндө Бир-Булактын батыш жагы, көлдүн кашатындагы дөбөлөрдө түрү сүрдүү көрүнгөн, чоң-чоң аттарды минген, жоо-жарактар менен куралданган айбаты бир бөлөк адамдардын арасында болуп калат. Коркконунан калтаарып чыгат. Турган адамдардын арасынан түлкүдөй сур ат минген, төөнүн жүнүнөн боз таар чепкен кийген, көзүнөн от чыккан, маңдайы жазы, мурду кырдач, жаңыдан чыгып келе жаткан жээрде муруту бар, эрди жука, орто бойлуу, сары чийкил жигит:

– Ой, Тыныбек, бери басып, мындай кел! – деп жанына чакырат.

– Турган элдин баарын тааныштырайын, жакшылап байкап ал!.. Ошентет да, Манас баштаган баатырларды бир-бирден санап тааныштырып кирет. Андан соң: “Тээтиги маңдайкы карарган калың эл Коңурбайдын колу. Бизди кууп келатат. Биз эми тосуп чыгып, алдынан кайра жапыра сайып, тымтыракайын чыгарып кете беребиз. Эми, Тыныбек, эртең конгон жериңе бир кара кой союлат. Ошону Манас баатырдын арбагына атап койгун. Анан андагы элге Манас баатырдан айтып бергин. Эгер, Баатырды айтып жүрбөсөң майып болуп каласың” – дегенде, Манас баатыр: “Ой, Тыныбек! Биздин ушул жүрүшүбүздү калтырбай айтып жүр!” – деп, кылчая бергенде, Тыныбек аны тик багып карай албай: “Макул, Баатыр” – дейт. Андан соң “жоону тосчу убак болду” деген тигилер жер дүңгүрөтүп жөнөп кетишет.

Тыныбек түшүнөн чочуп ойгонуп, өзүнүн кара терге түшүп, башынан буу чыга, жылаңайлак, жылаңбаш отурганын сезет. Таң сүрө өзү түш көргөн жерге барып, орто кемегедей, табактай болгон аттын издерин көрүп, таң калат. Жылаңайлак кишинин изине таң калып, өтүгүн чечип ченесе, өзүнүн изи. Кийинки күнү Шалбаага келип түшөт. Айтканындай, ал жердегилер бир кара кой союшат. Ошол жерден биринчи жолу “Манас” айтып, шалкылдап, эсин билбей жыгылат. Улуу Жомокко аттануусу ошентип башталат.

Кийинчерээк, анын элдир-селдир “Манас” айта коюп жүргөнүн байкаган атасы өзү угуп көрүп, андан соң чоң манасчылардан үлгү ал деп, айтылуу Чоңбашка жиберет. Андан Тыныбек жарым жылдай таалим алат. Айылына кайра келип, он-он беш күн жүрөт да, кайра эле Чоңбашты ээрчип кетет. Айтылуу Келдибек, Акылбектерден да кийинчерээк үлгү алып, манасчылыктын сырларын өздөштүрөт. ““Манасты” кантип өздөштүрдүңүз эле” деп сурагандарга ал “ар кимден сурап, курап, ошонун аркасында толуктап айттым” деген экен.

“Манастын” аркасы менен Тыныбек бийликке да жетишип, бий болуп турган. Аны Шабдан, Байтик, Чыныбай, Сооронбай, Өзбек сындуу атактуу манаптар атайын алдырып угушкан. Бир ирет Токмоктун түштүк тарабындагы “Сооронбайдын багы” деген жерде жогоруда аты аталган манаптар Тыныбекке 30 күн “Манас” айттырышкан экен.

Тыныбектен “Манас” жазып алуу үчүн келгенде, алардын эмне максатты көздөгөнүн ачык билбеген жомокчу чечилип айткан эмес. Болгону “Семетейден” айрым бир үзүндүлөрдү гана айтып берген. Ал үзүндү “Семетейден бир бөлүм” деген ат менен кийинчерээк, китеп болуп араб арибинде 1925-жылы Москвадан жарык көргөн. Ал эми Кыргызстанда болсо, китеп болуп 1994-жылы биринчи ирет жарыяланат. Бул чакан бөлүмдүн өзүнөн эле Тыныбектин акындык дараметинин кубаттуулугун аңдоого болот.

Өмүрү “Манасты” оозунан түшүрбөгөн атактуу манасчы Тыныбек өлүм алдында да:

“Ырдасам элим кубанган,

Даңкымды элге чыгарган.

Ырыскы болуп мен үчүн,

Дөөлөткө сыймык уланган.

Казандаган калың журт,

Кануучу беле кумардан.

Баатырдын атын укканда,

Бардык эл сүйүп чакырган.

Тарыхый сөзүн угууга,

Далайлар киши чаптырган.

Таштабай айттым сөзүңдү,

Өзүмө өзүң тапшырган.

Тагдырга жакын болгон бейм,

Танып барам акылдан.

Кыргызга нускам калбады,

Кыраан Манас баатырдан.

Арманым ушул, калайык,

Арбактуу эрди таштабай,

Айтса экен элим артымдан!” – деп кете берген экен.

Айткандай, анын артынан улуулуктун учугун улап, далай шакирттери чыгып, сөзүн жерге таштабай улап кетишкенин маалыматтар далилдеп турат.

Тыныбек тууралуу эл оозунда көп айтылат. Ал “Манас” айтып атканда жерден бир карыш көтөрүлүп калчу экен, “Тыныбек көл үстүнөн басып кетчү экен” деген имиштер көп. Ал тургай, жергиликтүү эл алиге чейин оозунан түшүрбөй: “Тыныбек көз жумганда Ай тутулган. Улуу жомокчуга табият да аза күткөн” деп айтып келишет.

Манасчы 1902-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]