Тыныбек Жапиев

Википедия дан

ТЫНЫБЕК Жапый уулу (1846, Жети-Өгүз району – 1902) – манасчы. Тыныбектин өмүр жолу жөнүндө так, кеңири маалыматтар аз. Манасчынын өз небереси Актан Тыныбек уулу ар кимден уккан эскерүүлөрүнүн негизинде 1938-ж. жазып тапшырган кол жазма азыр негизги маалымат катары эсептелип жүрөт.

Манасчынын өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1846-жылы Ысык-Көлдүн тескейиндеги Кайнар деген жерде туулуп , 1902-жылы Нарындын Байдуул –Туюк деген жеринде дүйнөдөн кайткан. Ал-кыргыздар “чыныгы эпикалык доорун башынан кыйгас өткөрүп” (В.В.Радлов), натыйжада “Манас” айтуу өркүндөп , опогейине жетип турган кезинде ошол өнөрдүн эң көрүнүктүү өкүлү катары чоң Манасчы аталып, эл ичинде абдан зор кадыр-батка ээ болгон улуу инсандын бири. Өз учурунун улуу манасчысы катары ал көптөгөн таланттарга тасир тийгизген. Тыныбектин өзүнүн эскерүүсүнө караганда Сагымбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Байбагыш, Дөңүзбай жана башка улуу- кичүү манасчылар андан таалим алышкан. Тыныбек өзүнөн кийин жашаган бир катар манасчыларга да кайсы бир дээңгелде таасир тийгизген. Мисалы, Тыныбектин өзү окуучуларым деп эсептеген Тоголок Молдо , Калыгулдан Молдобасан Мусулманкул уулу, Байбагыштан Багыш Сазан уулу, Дөңүзбайдан Мамбет Чокмор уулу таалим алышкан.

Балалык кези[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тыныбектин балалык кези көбүнчө мергенчилик менен өтөт. 14 жашынан баштап “Манас” айта баштап, 25 жашка чыккан кезинде кыргыздын атактуу манасчыларынын катарына кошулуп, даңкы элге кеңири тарайт. Өз учурунда өтө даңазалуу манасчы болгонун Назар манасчы менен болгон айтышы күбөлөйт. “Ошо кезде элдин бир бөлүгү Назар кыйын манасчы дешсе , экинчи тарабы Тыныбекке жетери жок дешип талашып калчу экен. Ушундан улам көлдөгү атактуу манап Чыныбай Назар менен Тыныбекти айтыштырып көрөт. Буларга манас баатырдын өлгөнүнөн тартып күнбөз салдырганына чейин айткыла деп тпшырат. Адегенде Назар айтып бир жарым күндө бүтөт. Ал күнбөздү надыр деген устага салдырат. Анан Тыныбек да бир жарым күн айтат. Бирок, Тыныбек күнбөзхдү Анжиян, Наманган жактагы Арыстан деген эшенге салдырат. Булуады угуп олтурган калыстар, Манастын күмбөзүн же олуя же Тыныбек айткандай эшен салбаса, мынча кылымдар боюу ал күнбөз турат беле деп, Тыныбектин айтканын туура табышат. Тыныбек жеңип чыгып, 100 сом жана бир ат байге алат” мына ушундан тартып Тыныбектин даңкы дагы көтөрүлүп, аны кыргыздын Шабдан, Байтик, Сооронбай, Озбек өңдүү атактуу манаптары да чакыртырып ырдатышат . Аталган манаптар бир жолу Токмоктун түштүк тарабындагы Сооронбайдын жери деген жерге чогулуп Тыныбекке 30 күн уда “Манас” айтырышкан экен.

Өз доорунун уулу улуу жомокчусу Тыныбектин чоң жыйыныга чакыртылып , эл алдында “Манас” айткан бир учурун санжырачы Б.Солтоноев мындай мүноздөйт : “1896-жылы күз айында болгон Каракол, Пишпек, Нарын, токмоко караган бүткүл кыргыздарга көл малдыда сьезд болуп, ошондо Тыныбектин “Манас”, “Семетейди” айтканын үч күн чамасында уктум . ошондо болжолуу 45-48 чамасындагы семиз, толук денелүү , өзү кызыл чийкил , бети толук , сакал-муруту кичине, күрөң киши экен. Өзү бий экен . Сьезде отурду . “манас”, “Семетейди” айтырууга уезден сурап алып , сьезге жибербей айтырып турду. Эл сьезге көп карабастан күндүр-түндүр анын үстүндө болду . Күн баткандан таң атканча айтканда 200-300 киши уктабастан карап олтурганын көрдүм -деп жазат.

"Манас" айтып калышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башка манасчылардай эле Тыныбек да өзүнүн “Манас” айтып калышынын түш көрү кереметине байланыштырат. 18 жашында Каракол шаарына баражаткан жолдо Бир-Кулак деген жерде эки-үч түн жатакчылардын үйүнө түшөт. Ырдап берип, жатакчылардын көңүлүн ачып олтурган Тыныбек түн ортосу ченде эшиктеги аттын жанына жатып уктап калат. Түшүндө “Бир-Кулактын күн батыш жагы көлдүн кашатындагы дөбөлөрдө түрү башкача көрүнгөн, чоң-чоң ат минген , кылыч, мылтык, найза менен куралданган, эң бир сүрдүү, айбаттуу көп адамдардын арасында болуп калганын көрүп, өзүнөн-өзү крокуп калтырап турат. Ал турган адамдардын ичинен түлкүдөй сур ат минген төөнүн жүнүнөн боз тар чепкен кийген, көзүнөн от чыккан, маңдайы жазы, мурду кырдач, жаңыдан чыгып келе жаткан жээрде муруту бар, эрди жука, орто бойлуу сары чийкил жигит Күлчоро: Ой, Тыныбек, бир басып мындай кел, - деп жанына чакырып, турган, элдин баарын таныштырайын, жакшылап байкап, таанып ал,- деп алдындагы катарлаш элди карап, Манас, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак баш болгон баатырларды колун сунуп, бир-бирден көрсөтүп , ыр менен сүрөттөп таныштырат.Бүткөн бою балкып карап турган Тыныбекке Көлдүн күңгөй жагын көрсөтүп:

- Тээтиги мандайкы карарган калың эл Колуңбайдын колу.Бизди кууп кележатат. Бирок, биз эми тосуп туруп алдынан кайра жапырып сайып, тымтыракайын чыгарып кетебиз. Алардан качкан бойдон кетпейбиз. Эми Тыныбек , эртең конгон жериңде бир кара кой союлат. Ошону Манас баатырдан ырдап бер. Эгер баатырды жүрбөсөң майып болуп каласың, -дегенде, Манас баатыр:
- Ой Тыныбек , биздин ошол жүрүшүбүздү таштабай айтып жүр, - деп кылчая каараганда Тыныбек аны тике бага албай:
- Макул, бааатыр,- дейт.
- Жүргүлө , тигини тосуучу убак болуп калды,- деп күңгүрөгөн айбаттуу каңыр угулуп, калың эл дүрбөпжөнөшөт. Жердин бети уйуган чаң болуп, кайда кеткени билинбей, жер дүңгурөгөнсүп калат”.

Эл Тыныбектен “Манасты” кантип үйрөндүңүз деп сураганда, ал: “Көп адамдар менен аңгемелешүү , үйрөнүү арасында билдим жана толуктап айттым”,- деп жооп берген. Сенден үйрөнүп жүргөн кишилер барбы деген суроолор болгондо, менден сурап, үйрөнүп , жазып алып жүргөндөр бар. Алар – Сагынбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Байбагыш, Дөңүзбай жана башка деп жооп берчүү экен.
Тыныбек өз тукумунан өзүнүн жолун улантуучу манасчы калса экен деген тилекте болгон. Ал өлөр алдында Сооронбай менен жэээни Байбатышты ырдатып көрүп: “балам Сооронбай, сен көп арбытып айта албайт экенсиң, Байбагыш болсо дурус жомокчу болуп калган экен”- деп ыраазы болот.

Эпизоддордун кагазга түшүрүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу манасчыдан революцияга чейин үчилтик эпостун айрым эпизоддору жазылган. Тилекке каршы алар толук эмес үзүндү түрүндө кагаз бетине түшүрүлгөн. Бул жөнүндө манасчы өзү мынтип эскерген: “1898-жылы Нарын участовою “Манас” , “Семетейди” жазып бергин деп буйрук кылган. Аны жаздырып алуудагы максаты кандай экенин ачык билбегендиктен, “ Семетейден” айрым үзүндүлөрдү гана жазы, толук бергеним жок”. Ал кол жазмалардын тагдыры не болгону ачык белгилүү эмес. Бирок, кийин анын айтуусунда өзүнчө китеп болуп. Ал китеп "Семетейден бир бөлүм. Тыныбек жомокчунуку” деген ат менен 1925-жылы Москва СССР элдеринин борбордук басмасынан жарык көргөн. Аны басмага дайардаган Э.Арабаев болгон. 184 беттен турган жөнөкөй боз мукабалуу бул китеп кара кыргыз илим комиссиясы тарабынан арап графикасы менен басылып чыккан. 1994-жылы ал китеп Р. Сарыбеков тарабынан азыркы кыргыз алфавитине транслитерацияланып кайрадан жарык көргөн.

Төкмөлүк өнөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тыныбектин төкмөлүк өнөрү да күчтүү өнүккөнүн өлөр алдында өзү айтып жүргөн “Манас” менен коштошкон төмөнкү ыры буга күбө:
Ырдасам элим кубанган,
Даңкымды элге чыгарган.
Ырыскы болуп мен үчүн,
Дөөлөткө сыйлык улаган,
Казаңдаган калың журт
КАнуучу беле кумардан.
Баатырдын атын укканда,
Бардык эл сүйүп чакырган.
Тарых сөзүн угууга
Даалайлар киши чаптырган,
Таштабай айттым сөзүмдү
Өзүм-өзүң тапшырган.
Тагдырга жакын болгон бейим,
Танып барам акылдан.
Кыргызга нускам калбады
Кыраан Манас баатырдан,
Арманым ушул калайык
Ардактуу эрди таштабай
Айтса экен элим артымдан.

Тыныбек каза болгон күнү ай туулган. Улуу манасчынын талантын жогору баалап, ыйык туткан эл бул кубулушту анын өлүмү менен байланыштырып, табияттын да аза күтүүсү катары аңыз сөз кылышкан.
Тыныбек “Манасты” көпкө айтпай калган учурларында буулугуп кетчү экен. Ал эми аны аткарган учурда, өзү эпикалык каармаандардын арасында жүргөндөй болуп, түрдүү окуяларды элестеп кетем дечүү экен. Бул анын чыгармачылык шыктанышынын канчалык күчтүүлүгүн, поэтикалык дүйнөсүнүн кеңирилгинен кабар берет.

Пайдаланылган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Мусаев С.Эпос “Манас”, Ф.,1979.83-бет. 2. Кол жазмалар фондусу.Инв. № 222.122-бет. 3. Кол жазмалар фондусу.Инв. №1057. 511-бет. 4. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 1093. 2-бет. 5. Ушул жана кийинки текстен үзүндүлөрү Кол жазмалар фондусунан № 222-инвертарынан алынды. 6. Кыргыз адабият тарыхы Бишкек,том-2 2004-жыл.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тыныбек Жапый уулу Archived 2016-06-24 at the Wayback Machine