Токтоев Асанакун

Википедия дан

Токтоев Асанакун-(1913-1994)

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1913-жылы Тянь-Шань өрөөнүндөгү Мазар айылында туулган.
"Мазар" жети жылдык мектебин бүтургөндөн кийин эмгек жолун баштаган.
1932-ж Нарын шаарындагы эсепчилердин курсунан билим алган.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1932-1933-ж.ж Эмгекчил ТОЗунда эсепчи болуп эмгектенген.1933-жылдан 1939-жылга чейин Кызыл Октябрь айылдык кенешинин торагасы.
1942-1944-жылдарда Эмгекчил колхозунун башкармасынын төрагасы болуп иштеген.1944-ж партиянын Тянь-Шань райкомуна инструктор болуп дайындалган.


1945-ж кайрадан Эмгекчил колхозунун башкармасынын төрагасы болуп шайланып,бул кызматта 1959-ж чейин дээрлик 15 жыл иштеп турган.Андан кийин ушул эле колхоздо партиялык комитеттин катчысы, бригадири,Тянь-Шань райондук байланыш түйүнүнун Эмгекчил айылындагы бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жүруп,1987-ж ардактуу эс алууга чыккан.
Токтоев Асанакун өз мезгилинин талабына жараша эл жүгүн аркалаган,ак эмгеги абройлуу адамдык сапаттары менен эл-журтунун сый-урматына татыган жергебиздеги аттын кашкасындай таанымал адамдарыбыздын бири эле.
Ал өрөөнүбүздүн айыл чарбасынын ,маданиятынын өнүгүшунө, калк керегине жарааган билимдүү адистердин өсүп чыгышына чон салым кошкон.

Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтоев Асанакундун мындай эмгеги өкмөт тарабынан өз учурунда жогору бааланган.
Эмгек Кызыл Туу ордени, коптогон медалдар,Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары,"СССРдин айыл чарбасынын отличниги" төш белгилери менен сыйланган.
Республиканын Жогорку Советинин эки жолку чакырылышына депутат.
Кыргызстан КП БКны мүчөсү,партиянын Тянь-Шань обкомунун мүчөсү болуп бир нече жолу шайланган.
Ардактуу эс алуудан чыккандан кийин да колхоздогу коомдук иштерге активдүү катышып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асанов.У "Нарын облусунун энциклопедиясы",2009,Теңир-Тоо гезити 1994-ж.