Токтомат Уулу Байда

Википедия дан

Токтомат Уулу Байда — Кетмен-Төбөнүн Кара-Суу айылынан чыккан.

Атасы Токтоматтын таасири менен дүңү күчтүү зергер аталган. Ал каза болгондо кошокчу Жумагүл Токтомат келини «Көөрүгү көк өгүздөй өкүргөн, Балкасы тоо текедей секирген, Мунун суусун кантип сугарам, чачысын кантип чыгарам»,- деп кошкон экен. Анын зер нускалары элге сиңген. Айрымдары таберик катары кыз-кыркындарында, келин-кезектеринде сакталган.

Токтомат уста Токтомат уста (Туулган, өлгөн жылдары белгисиз) Кетмен-Төбөдөгү Кара-Суу айылында төрөлгөн.

105 жашында каза болгон. Ал ушул чөлкөмдөн чыккан Сары уста, Кулуке уста өңдүүлөрдүн катарында таанылган. Айтылуу акын Токтогул экинчи курдай Наманган абагына түшкөндө анын төрөсүнүн мөөрүн бир көрүү менен дал өзүндөй жасап, актай кагазга басып, эл-журтка таратып, ошолор аркылуу үндөп, Калык ырчынын тегерегине топтолуп, калың букаралардын наараазылыгын билдирип, Токтогулду абактан чыгарууга белгилүү салым кошкон. Көпчүлүктүн көз кырында турган устаны көрө албастар да чыккан. Анын көзүн тазалоо үчүн «үчилтик» (үч адам бириге коюп, арыз жазып, бетине чыгуу) уюштуруп, «тоголок арызчы Токгомат» деп карматышкан. Жалгыз кызы Жумагүл Бишкектеги улуктарга дейре жөө-жалаңдап келип жүрүп бошотуп алган. Ошондо «кызым, ыраазымын, сөөгүм агарды. Эркек бала ордуна кудайдан тилеп, Ак эшендин этегине салып, ак тайлак берип, алла-тааладан сурап алдым эле. «Уул» деп тилейбиз, уулдан өтүп кеттиң», - деген экен. Уста кармаган нускалар айыл арасына сиңип кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0