Токтош Абдиева

Википедия дан

Абдиева, Токтош – жазуучу. 1941-жылы 8-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган. 1964-жылы Фрунзедеги Кыз-келиндер педагогикалык институтунун кыргыз тил, адабияты жана музыка факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Коммунист орто мектебинде кыргыз тил, адабияты жана музыка мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1967 - 1969-жж. «Кыргызстан» басмасында кызматкер, 1969 - 1972-жж. «Ленинчил жаш», 1972 - 1977-жж. «Мугалимдер газетасында» адабий кызматкер, 1977 - 1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналынын коомдук-саясий бөлүмүнүн редактору, 1993 - 1998-жж. башкы редактордун орунбасары болуп эмгектенген.

1959-жылы «Ала-Тоо» деген биринчи ыры Жети-Өгүз райондук гезитине басылып, ырлары республикалык гезит-журналдарда жарык көрө баштаган.

1987-жылдан Кыргызстан Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу тарабынан өткөрүлгөн мыкты журналисттик эмгектер боюнча конкурстарга катышып, Ардак грамоталарга жана акчалай сыйлыктарга ээ болгон.

1985-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, Кыргыз ССР Министрлер Советинин, Кыргызсовпрофтун жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын токтому менен иштеги чоң ийгиликтерге жетишкендиги үчүн «Эмгек даңкы» китебине жазылган.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы (1985) жана «Эмгек ардагери» (1989) медалы менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мен да сагындым: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1977. - 144 б.

Алай күндөлүгү: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1982. - 106 б.

Кырчын курак: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп,1984. - 92 б.

Жээк: Повесть жана аңгеме. - Ф.: Мектеп,1988. - 96 б.

Үчүнчү муун: Повесттер. - Ф.: Адабият, 1990. - 128 б.

Фронттон келген каттар: Улуу Ата Мекендик согушта майдандагы жоокерлердин каттарынын топтомунан түзүлгөн жыйнак. - Кант, 1995. - 117 б.

Кыргыз элинин улуу комиссары: Даректүү баян. - Ф.: Кыргызстан, 2002. - 105 б.

Эне жана жер: Повесттер, аңгемелер. - Б.: Бийиктик, 2006. - 418 б.

Минордук ноталар: Аңгемелер, ырлар. - Б.: Бийиктик, 2006. - 183 б.

Мээнет: Даректүү баян. - Б.: Бийиктик, 2006. - 108 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Ажарлуу студент кыздардын эң сулуулары аныкталды" http://kyrgyzinfo.ru/category/zhazuuchular Archived 2012-12-13 at the Wayback Machine http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D0%B0%D1%82%D0%B5%D0%B3%D0%BE%D1%80%D0%B8%D1%8F:%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7_%D0%B6%D0%B0%D0%B7%D1%83%D1%83%D1%87%D1%83%D0%BB%D0%B0%D1%80%D1%8B