Токулбаган материалдар

Википедия дан

Токулбаган материалдар - токуу процесстерин колдонбостон, була жана жиптерден даярдалган текстиль материалдары.

Токулбаган материалдар, мис., булалуу боз кендирди жип менен шыруу (түйүлүп көктөлгөн Токулбаган материалдар), булалуу массаны кийиз кылып басып, андан кийин алынган боз кендирди тиштүү ийне менен саюу (ийне менен көзөлгөн Токулбаган материалдар) ж. б. ыкмалар аркылуу даярдалат. Токулбаган материалдардан алынган буюмдар: килем, одеяло, кийимдер жана бут кийимди жылуулоо үчүн салынган ичиликтер ж. б. у. с., ошондой эле кагаз жасоочу машина үчүн нооту, чыпка ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4