Толгонуу

Википедия дан

Толгонуу,

1)материалдар каршылыгында – өзөк, вал ж. б-дын деформациясы; мында сырткы айлануу моменттеринин (кош күчтөрдүн) таасиринде туура кесилиштер өз ара толгонот. Толгонуу тегерек өзөктөрдө - жаныма жана нормалдуу чыңалууну пайда кылат. Толгонуу эркин жана кысылган болуп бөлүнөт;

2)математикадa - экинчи тартиптеги ийрилик - мейкиндик ийриликтин тийишип турган тегиздиктен четтөө чени. Йири сызыктын М чекитиндеги Толгонуусу мындайча аныкталат: N - ийри сызыктагы Мге өтө жакын болгон өзгөрмө чекит, ал эми Р - бурчу М жана N чекиттеринде ийри сызыкка тийип турган тегиздиктердин ортосундагы бурч. N чекити М чекитине чексиз жакындаган кезде P/As катышынын предели (мында As бул MN жаасынын узундугу) ийри сызыгынын М чекитиндеги Т-су деп аталат: о= Иш - . х->0 As

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4