Толкун импульсу

Википедия дан

Толкун импульсу - мейкиндикте же чөйрөдө толкун түрүндө таралуучу бир жолку дүүлүгүү.

Мисалы, үн импульсу (мылтык үнү) - басымдын капыстан жана тез жогорулашынан кел ип чыгат да, туташ спектрдин бардык жыштыгын ичине алат. Мындай импульс кабылдагьгчтардын жыштык мүнөздөмөлөрүн аныктоодо жана акустикада колдонулат.

Жарык импульсу жанык булагынан эң кыска убакытка (0,01 сек жана андан да аз) жарык нурун чыгаруудан пайда болуп, тез өтүүчү процесстерди изилдөөдө (мисалы., фото жана кино тартууда ж. б.) жарык сигналдуу аппараттарда ж. б-да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.