Толкун функциясы

Википедия дан

Толкун функциясы кванттык механикада-эң кичине объектинин (мис., электрон, протон, атом, молекула) жана жалпы эле каалагандай кванттык системанын (мис., кристалл) абалын толук аныктоочу чоңдук.

Кичине объектилердин абалын Толкун функциясы аркылуу баяндоо статистикалык, б. а. ыктымалдык мүнөзгө ээ.

Эгерде Толкун функцияснын координаталарга жана убакытка көз карандылыгы берилсе, анда Толкун функциясынын модулунун квадраты |\|/(х, у, г, t)|2 бөлүкчөнүн убакыттын t моментинде координаталары х, у, г болгон чекитте болушунун ыктымалдыгын аныктайт. Ошондуктан Толкун функциясын айрым учурда ыктымалдыктын амплитудасы деп аташат. Толкун функциясы микрообъектилердин толкундук касиеттеринин болушун да көрсөтө алат. Толкун функциясы үчүн суперпозиция принциби туура аткарылат. Эгерде система yı; ф2 ж. б. түрдүү абалдарда болуп калса, анда жыйынтыктоочу Толкун функциясы ар биринин суммасына барабар. Бирдей микробөлүкчөлөрдөн турган система үчүн Толкун функциясынын симметриялуулук касиети мүнөздүү. Бул касиет бөлүкчөлөрдүн жалпы ансамблинин статистикасын аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4