Толтуруучу комплекс

Википедия дан

Толтуруучу комплекс тоо-кен ишинде — кен казып алуудан пайда болгон жер астындагы боштуктарды толтурууну механизациялаштыруучу жабдуулар менен курулуштардын жыйындысы.

Ал өз ичинен: гидравликалык, пневматикалык жана катырып Толтуруучу комплекс деп бөлүнөт. Гидравликалык Толтуруучу комплекске майдалап-сорттоочу орнотмо, андан чыккан материалды топтоочу бункер жана аларды өлчөм менен коё берүүчү механизм, суу менен камсыздоо системасы, толтуруучу материалды суу менен аралаштыргыч, аралашманы боштукка жеткирүүчү куур, толтуруучу материалды кургатуу жана суу менен иштөөнү башкаруу механизми, автоматтык жана дистанттык башкаруу системасы кирет. Пневматикалык Толтуруучу комплекске топтоочу бункер жана өлчөм менен коё берүүчү түзүлүшү бар майдалап-сортточу орнотмо, ташуу каражаты, пневматикалык толтуруу машинасы - жүктөө аппараты, ташуу жана бөлүштүрүү куурлары, автоматтык башкаруу системасы кирет. Катырып Толтуруучу комплекс толтурулуучу скважинага же стволго жакын курулуп, катуучу материал менен үзгүлтүксүз камсыздап турат. Ал өз ичинен куйма жана катуу материал менен толтуруу болуп бөлүнөт. Куйма Толтуруучу комплекске инерттүү материалдарды даярдоочу жана топтоочу бункери бар майдалап-сортточу орнотмо, камдаштыруучу компоненттерди даярдоо үчүн бункер жана майдалоочу жабдуу, өлчөм менен коё берүүчү жана аралаштыруучу түзүлүш, пневматикалык үйлөө жана тазалоо механизми бар толтуруу кууру, автоматтык башкаруу системасы кирет. Катуу материалдар менен толтурууда боштукка даяр аралашма эмес, анын айрым компоненттери механикалык, пневматикалык же гидрологиялык жол менен ташылып келип, толтурулуучу мейкиндиктин өзүндө аралашма даярдалат. Механикалык транспорт менен ири материалдарды ташып келүүгө болот. Бирок, бул ыкма менен горизонталдык катмарда жайгашкан кенди казуудан пайда болгон боштуктун үстүн жакшы тиретүү мүмкүн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4