Толук ички чагылуу

Википедия дан

Толук ички чагылуу - электр-магнит нурунун (жарыктын) сынуу көрсөткүчү чоң чөйрөдөн эки тунук чөйрөнүн бөлүнүш чегине түшкөндөгү чагылуусу.

Толук ички чагылуу түшүү бурчу айрым чектик бурчтан ашып түшкөндө аткарылат жана чагылуу коэффициенти толкун узундугунан көз каранды эмес. Алгач И. Кеплер аныктаган. Толук ички чагылуу көптөгөн оптикалык куралдарда, жарык берүү линияларында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4