Томпок көптүк

Википедия дан

Томпок көптүк - евклиддик же башка вектордук мейкиндиктеги көптүк.

Мында каалагандай эки чекиттин ордуна аларды туташтыруучу кесиндинин бардык чекиттери алынат. Томпок көптүктүн каалагандай жообунун кесилиши Томпок көптүгү берет. Берилген Томпок көптүктөгү тегиздиктин эң кичине өлчөмү бул Томпок көптүктүн өлчөмү деп аталат. Томпок көптүктүн туюкталышынан Томпок көптүк келип чыгат. Тегиздикте Томпок көптүктүн чегинин ар бир чекити аркылуу жок дегенде бир таяныч түз сызык өтөт. Таяныч түз сызык Томпок көптүктүн чеги менен жалпы чекитке ээ, бирок бул көптүктү кесип өтпөйт. Ушул сыяктуу эле үч өлчөмдүү мейкиндикте Томпок көптүктүн чегинин ар бир чекити аркылуу жок дегенде бир таяныч тегиздик өтөт. Туюк Томпок көптүк туюк жарым мейкиндиктин чектүү сандарынын кесилиши. Туюк жарым тегиздиктердин чектүү сандарынын кесилиши томпок көп грандыкты берет. Томпок нерселер бир катар жөнөкөй фигураларды байланыштырат. Мис., ар бир томпок нерсе көлөмү боюнча эң чоң ичтен сызылган жана эң кичине сырттан сызылган эллипсоиддери үчүн бирөө гана. Шар, эллипсоид, борбордук-симметриялуу нерселер башка томпок нерселерден айырмаланып, алардын белгилери так аныкталган. Т. к-төр теориясында Томпок көптүктөр түркүмү жөнүндөгү теорема кеңири өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4