Томпок көп грандык

Википедия дан

Томпок көп грандык — евклид мейкиндигиндеги чекиттердин жана шоолалардын чектүү санынын туюк томпок кабыкчасы.

Томпок көп грандык - томпок көптүктүн жекече бир түрү. Томпок көп грандыктын грандарынын саны чектүү. Томпок көп грандык тын ар бир гран кичине өлчөмдүүлүктөгү Томпок көп грандык болуп эсептелет. Грандардын граны изделүүчү Томпок көп грандыктын грандары делет. Бир өлчөмдүү грандары кырлары, нөл өлчөмдүүсү - чокулары деп аталат. Чектелүү Томпок көп грандык чокуларынын томпок кабыкчасы болот. Томпок көп грандык томпок беттер теориясында Томпок көп грандыктын чеги, кээде ушундай чектин бөлүгү деп аталат. Элементардык геометрияда атайын көп бурчтуктардан түзүлгөн көп грандыкты фигура катары аныктоо кабыл алынган, андан кийин ар бир гранынын тегиздигинин бир жагында жаткан Томпок көп грандык катары бөлүп алынган. Евклид мейкиндигинде туура беш Томпок көп грандык кезигет, алар тетраэдр, куб, октаэдр, додекаэдр, икосаэдр. Булардын касиеттери жана окшоштуктары туура көп грандыктар жана жартылай туура көп грандыктарда айтылат. Томпок көп грандыкдын грандарынын түйүндөрүнүн түзүлүшүнүн мүмкүн болгон типтери толук изилдене элек. Томпок көп грандыкты изилдөөдө Л. Эйлер, A. М. Ампер, O. Л. Коши, А. Д. Александров ж. б. зор салым киргизишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4