Тоокара

Википедия дан

Тоокара — Карачтын тулпары. Валиханов жазып алган эпизод боюнча "Көкөтөйдүн ашында" "Тоо кара минген эр Карач, Тоо кара күлүк аты бар. Албан күлүк мал эле" (Валиханов жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, № 7), — деп сүрөттөлөт.

Тоокара — Төлөктүн байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты жыйырма экинчи келген Төлөк тагдырына буюрган Бурмажанга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 425).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4